Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Жалганы жок мунумун!
Эртелеп кабар салбасаң,
Эстүүнү жыйып албасаң,
Эртең-бүгүн билбеймин,
Эгер келбей койбойт ко.
Беленденип турбаса,
Бет алган андан сойлотко!?
Текестин бутун кучактап,
Көзүнүн жашы бурчактап,
Манасты айтып майышып,
Кошойду айтып, кайышып,
Коркуп Култаң турганы.
Кабар угуп кан Текес
Калтырады бу дагы:
"Келип улук болгонум,
Кыргыздардын арасы,
Бээжин түгүл бул жерден
Кара шаар, Кумулдун
Түк көрүнбөйт карасы.
Лаилама колдой көр,
Кыйыныраак болгон бейм,
Кыргыздардын Манасы.
Ар канча мыкты болсо да,
Алоокени алалбас,
Даап уруш салалбас.
Элүү-кыркың аттанып,
Эңкейип жолго салыңар.
Күңгөй тоо барып түгөнөт,
Күн чыгыш жакка барыңар.
Эчки-Өлбөстөн жоо чыкса,
Көрүп алып качыңар,
Келип кабар айтыңар.
Эчки-Өлбөстүн бийик чат,
Эңкейип бар да, карап жат.
Жолдон душман көрүнсө,
Жармың чапсаң кайра тарт!".
Аны айтканда Текес кан,
Алдында турган канча жан
Көзгө аткан мерген машынан,
Көз жалтанбас башынан,
Айтууга дангыл сөздүдөн,
Алысты көрөр көздүдөн
Дүрбөтүп Текес калганы.
Түн ортосу болгондо
Куяс аяр барганы.
Куяс аяр келгенде,
Маңгулдуктун баарысы
Куп сүйүнүп калганы:
"Кең Алтайды жердеген
Азганакай буруттур,
Ажат айдап, как тартып,
Ал чокчоңдоп туруптур.
Ошондон коркуп жүргөнүң,
Сени көкө теңир уруптур!".
Ошону айтып Куясы
Атына минип алганы,
Карагайлуу чоң бетке
Чаап жетип барганы.
Сыйкыр окуп, дубалап,
Жайыттагы малдарын
Алда кайда кубалал,
Бул пери ургурдун өнөрүн
Арып дуба* салыптыр.
Мейли терек, мейли тал,
Адам болуп калыптыр.
Мейли камыш, мейли чий,
Баатыр болсоң, барып тий.
Мейли куурай, мейли чөп,
Кошуун болду сансыз көп.
Карагайы, кайыңы,
Каптап барган кошуундун
Чыгар эмес дайыны.
Суунун үстүн өрт кылды,
Туу көтөргөн ар жерге
Баатырларын көп кылды.
Ат минбеген жөө болду,
Ар бир чынар теректер
Адам эмес, дөө болду.
Мылтык, кылыч, бар жарак
Бутагынан бөлүндү.
Найза, кылыч көтөргөн
Айбаттары көрүндү.
"Көргүн, мына каным, - деп,