Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Айдаган малым толорго,
Айдыңдуу Талас жер таптым,
Айлым көчүп конорго.
Калкым, кабыл болсун тилегиң,
Эми ордуна келсин жүрөгүң.
Ажал жетпей, күн бүтпөй,
Анча эмне жүдөдүң!
Жанына жандын бара албай,
Журтум, жалтак болгон экенсиң.
Жабууласа* көп калмак,
Коркок болгон экенсиң.
Тукумдан тукум ээлеген
Тоо сеники турбайбы.
Тунуп аккан өзөндөн
Суу сеники турбайбы.
Калдайып калмак басыптыр
Кечээ атабыз өткөн бул жайды.
Адам болуп сөз билип,
Эркек болуп ат минип,
Атадан калган конушту
Эми алдырсак кудай урбайбы!
Баарыңарга эп болсо,
Эми, Манасың билген кеп болсо,
Эрбейип атка минипмин,
Эр атанып жүрүпмүн.
Барбайып атка минипмин,
Баатырсынып жүрүпмүн.
Кимге караан болоюн?
Кереге жайып, уук сайып,
Келип мында коноюн!
Өкүмсүгөн жоо келсе,
Өр талаша жүрөйүн.
Карөзгөй калың доо келсе,
Төр талаша жүрөйүн.
Оолукса калмак кол салып,
Мен бир үрпөңдөшүп көрөйүн.
Андаалап кыргыз калыпсын,
Аттиң, дүйнө, не дейин!..".
Манас мындай дегенде
Келгендер уюп кебине,
Көздөрүнө жаш толуп,
Беттерине кан толуп,
Кыргыз бүткөн кеп салат
Бейли жибип олтуруп:
"Үйүр сагыньш ат келет,
Эл сагынып эр келет.
Эл башына күн тууса,
Эл жараткан эр келет.
Кара- бороон күн жааса,
Бул Манас калка болот экен го.
Калдайган калың эл курап,
Бул Манас арка болот экен го?
Ээр токунуп ат минип,
Белеске чыгып үй тигип,
Адам болот экенбиз.
Кол жыйса кошо барышып,
Кош колдоп найза сайышьш,
Бала Манас кыраанга
Эми караан болот экенбиз.
Көңкү кыргыз болгону
Көрө турган күн бар го?
Иче турган суу бар го?
Башыбызга кармоочу,
Байкуш болгон бул журтта,
Эми бала Манас — туу бар го?".