Яндекс.Метрика

Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши

Майдандашар жериң тар.

Кыр жагыңда калмак бар,

Кыйрашып уруш салмак бар.

Ар жагы – Талас, Ат-Башы;

Алоокенин колунда

Али толуп жаткан башкасы.

"Айланайын кулунум,

Капчыгай оозун алалы,

Өзөнгө малды салалы.

Калдая айыл конолу,

Катарлаш жатьп калалы.

Жоону бирге жоолайлы,

Доону бирге доолайлы.

Милтени бирге чоктойлу,

Бараңды бирге октойлу.

Катарлаш конуш алалык,

Кароолду катуу кылалык.

Азган-тозгон аз элге

О, балам, караан болуп туралык.

Карагай найза боолайлык,

Карып болгон журтуңдун,

Кол жетсе доосун доолайлык!

Балам, Манас, кулунум,

Кара жаак айбалта

Кайкалатпай аштай бар,

Калың кара кыргызды

Каран кылбай баштай бар.

"Биз өбөктөгөн карыбыз,

Өксүп барат алыбыз.

Эки тизгин, бир чылбыр

Ээ, кулунум, эр Манас,

Эми колго алыңыз.

Эңкейип калган абанды

Ошондо эңишер жерге салыңыз!

Оболотуп көпкөк туу,

Алыша кетип калмакка,

Абыдан салсаң ызы-чуу,

Керкабылан оозун бурамын,

Керишкен жооңо чыгамын;

Ажалым жетип өлгүчө

Туу түбүндө турамын.

"Балам, ыраазы болгун өзүмө,

Иле жүргүн көзүңө;

Ак сакал абам Кошой деп,

Ала жүргүн эсиңе!

Абакеңдин айлына

Айланып кез-кез бара жүр.

Картайып кетип баратам,

Кабыланым, кабар ала жүр.

Башчы болдуң бул элге,-

Дегениңе көнөбүз;

Кыргыз бүткөн тутуму,

Кандыкты сага беребиз!

"Ордолуу шайык* көк жөкөр,

Орчун Кокон, Маргалаң,

Аягы Кептеш, Самаркан,

Күн чыгыш жагы Алты шаар,

Өзүңдү күтүп келет деп,

Күчөгөн мынча журтуң бар.

Казына камдап, кол жыйна,

Кайратты мыкты мол жыйна.

Бекине турган жерди тап,

Бели катуу эрди тап.

Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң.

Калың, бороон, катуу күн,

Кулунум, канчалык өтөр башьңан.

Кыр-кырда кыргыз элиңе

Кызыккан жандар дагы бар.

Кылчайбай канды агызар,

Кызыталактын баары бар.

Тулпарың изи сууй элек,

Кылычың каны жуула элек.

"Бууданын демдеп суутуп,

Байлап жатат Алооке.

Калмак менен маңгулун

Шайлап жатат Алооке.

Семирип, сергип оңгондо,

Секиге чыга конгондо,

Элиңди түгөл башкарып,

Өз алдыңча болгондо,

Астыңдагы Алооке

Сени таштап койбос жепжеке.

Суроодон угар дайныңды,

Күтүнбөстөн сен жатсаң,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.