Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Биле коюп калмакты,

Бизди көздөй жүргөн го?

Кантер экен деп ойлоп,

Капталдан карап турган го?

Көз алдынан калмактар

Калдайтып жылкы кууган го?

Кол салганын билген го?

Кокту ылдый бу да кирген го?

Кужураган калмакка

Ителгидей тийген го?".

Отор башы Чабагы

Ол сөздү айтып салганы.

Ак ала сакал Атайбек

"Ат, аты жөнүн билсек" - деп,

А да сүйлөп калганы

Койчу бала кеп айтат,

"Коюңар аке! - деп айтат.

Жондо жүргөн жеринде

Жоон темир белинде,

Жолугуп мага сүйлөшкөн

Сөзүнө жооп бербестен,

Өнүп көрүп алгамын,

Өлө жаздап калгамын".

Эми келип эсине

Келишти койдун четине.

"Кылдыңар жакшы жакшылык,

Жыпжылмакай алдырып,

Жана биз жылкыбыздан какшыдык.

Кыруу дээр мал калбай,

Кыл куйруктан тай калбай

Айрылдык эле анык, - деп,

Алоокенин кошууну

Кетмек эле алып, - деп,

Кыргыздын бербей бир тайын

Жакшылык кылдың акыр, - деп.

Жаңы тууган окшойсуз,

Деги сиз, ким дегенсиз, баатыр?"

          - деп,

Сурап турду кыргыздар.

Эми айткан кепке кулак сал;

"Уругун уксаң кыргыздан,

Улуу черүү кол алып,

Бу жерге келген Жылдыздан*

Манас деген бу бала

Бай Жакыптан туулган.

Башын ачып кыргыздын

Калмакка салган чуулган.

Саятка* чыккан чатыр,- деп,

Салышар жоого азыр,-деп,

Ушул жерге келгени

Алда нече күн болду,

Уктуңуз бекен мурунтан

Улук Манас баатыр - деп?".

Абалкысы сүйлөдү,

"Манас деген бубу?" - деп,

Анык тактап көрө албай

Айбатынан жүдөдү.

Кабарын угуп алышты,

Кайра тарап калышты.

Тоодо жаткан оторчу

Кош башына бир семиз

Тай жетелеп келишти.

Үчтөн, төрттөн семиз кой

Кошо апкелип беришти.

Алты койдон, бир тайдан

Ар кошуна союшуп,

Колго түшкөн калмагы

Кошо этине тоюшуп.

Айылдан киши чаптырды,

"Кошуун ылдам келсин" - деп,

Арыстан Манас чакырды.

Эми Манас кеп айтат,

"Тургандар уккун! - деп айтат.

Уруна турган тоо жатат,

Уруша турган жоо жатат.

Аша турган бел жатат,

Капталыңда кычырап,

Кан Алооке бул жатат.

Ажал жетсе өлөрбүз,

Келген окшойт кезеги,

Кылымдын каны Алооке

Буга бир кырчылдашып көрөрбүз.

Аккуулар сүзгөн көл таптым,

Тулпарым токтоор төр таптым.

Калмакты көрсө кайышкан,

Маңгулду көрсө майышкан,

Тууганым кыргыз эл таптым.

Капчыгай таптым, төр таптым

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.