Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши
Кабылан Манас чырагым,
Бир өзүңдү дем кылдык.
Он үчкө жашың келгенде,
Ордо бузуп, ок аттың,
Оролушса, жоо чаптың.
Кармаша жүрүп катыктың,
Кайнап жаткан кытайга
Кабылан бурут атыктың.
Теңселип турсаң жекеге,
Теңелип адам чыккан жок,
Күпүлдөшүп келсе да,
Сени күрөшүп күчтүү жыккан жок.
Толкуган кытай, калмактар
Токсон жол сени каптады.
Тоодой болгон дөө келсе,
Томуктай Манас жаш бала
Аны тоңкорултуп таштады.
"Ат жалын тартып мингенден,
Адалга бурдуң бейлиңди.
Кара калмак, манжуунун
Сандаган колун кыйратып,
Ажыраттың элинди!
Үзүлгөндү уладың,
Чачылганды жыйнадың,
Балам, Манас, өзүңдөн
Бир өтүнгөнү турамын:
Сагынам Сар-Кол жеримди,
Көп эстейм нойгут элимди.
Тукумуң өнүп, өскөн жер,
Көп термелтет көңүлдү.
Көп тиленем, зор Манас,
Нойгутума барайын.
Куп жолдош кылып сен берсең,
Кутубийди алайын.
Курган нойгут элиме ,
Кан көтөрүп салайын.
Манаска тете уулум деп,
Маана кылып турайын.
Адырлуу Сар-Кол жерим бар,
Абийирдүү нойгут элим бар.
Биздин нойгут болгондо
Кара эгинден күрүч көп,
Калайынан күмүш көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Бокчого жыйган мүлкү көп.
"Аркар аяк, жез билек
Ат күлүгү нойгутта.
Көпкөк темир тон кийген
Эр мыктысы нойгутта.
Биздин нойгут болгондун
Казандай кара бөркү бар,
Алышса жоого арыстандай
Азаматтын эрки бар.
Кара малдан төөсү көп,
Жөн адамдан дөөсү көп.
Таштан бийик зоосу бар,
Менин көзүм жогунда
Ушул нойгут журтунун
Камап турган жоосу бар.
Жетимдик тартып, бош калып,
Элсиз турган жерим бар.
Эс табалбай тентиреп,
Эби кеткен элим бар.
Элимди жыйып, эл кылсам,
Жетимди ээлеп жер кылсам,
Жергеме журтту жыйбасам,
Кабылан Манас өзүнө
Караан болуп турбасам,
Акбалта атым өчпөйбү,
Башымдан сыймык кетпейби?
"Кеңчилик берсең, чырагым,
Кейиген журтту эптейин.
Чегишер жоонун жолунда
Чебиңди сенин бектейин.
Белгилүү жерден бел табам,
Мен сага,бек караан болчуу эр
табам.