Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши
Буяк жагын карасаң,
Үч-Кошойдун бөксөсү;
Муну жердеп тургандын
Болор бекен өктөсү!
Туура жагын карасаң,
Кара-Буура чаткалы,
Көз жетпеген аскалар
Көктү тиреп жатканы.
Ай, жаныбар, кең Талас,
Жер соорусу турбайбы, -
Муну жердеген адам тунбайбы.
Калың айыл ой тартып,
Конбоочудай жер бекен.
Калың кыргыз конушу
Болбоочудай жер бекен?!
Кунан минип, куш ойноп,
Бойлобоочуу жер бекен;
Багалак салып, ордо атып,
Ойнобоочуу жер бекен!
Таң жарылган кызыкка
Батпагыдай жер бекен;
Эр азамат жамбаштап,
Жатпагыдай жер бекен.
Алышар жоосу жок болуп,
Айыл, үйү ток болуп,
Эриксе, элик атышса,
Эрикпесе, Таласта
Эркин ойноп жатышса!
Бетеге менен шыбагы,
Береке экен бу дагы.
Оромпой тээп кызыкка
Батпай турган жер бекен.
Ордо күтүп, эл жыйып,
Жатпай турган жер бекен?
Жон-жонуна кароолу
Барбай турган жер бекен,
Челишкенге кызыкты
Салбай турган жер бекен?!
Таалайына табылып
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Кыргыздардын башчысы
Кызыр чалган эр Манас
Таң-тамаша оюнга
Батып калган кези экен.
Кырктан таман ордону
Сары журтка салышып,
Атып калган кези экен...
Оюн ойноп, тамаша
Күлгөндү сүйдү эр Манас.
Кошуун жыйып, кол баштап
Жүргөндү сүйдү эрМанас.
Болбой ичти бозону,
Боздотуп урду кожону.
Ордо күтүп чоюлуп,
Кабыланындын ордодон
Жетим, мискин* тоюнуп,
Таалайлуу Манас баатырдын
Даңкы кетти далайга,
Аты угулду Алайга.
Кең Талас буга жер болуп,
Жергелей келип эл конуп,
Кезеги менен топ болуп,
Кеңеши журтка куп болуп,
Баары кыргыз чогулуп,
Баатырына жолугуп,
Алдына келген адамдар
Аш ичкени алкынып,-
Арыстан Манас баш болуп,
Ак шумкардай талпынып,
Кымыз ичип кызышып,
Сөөктөрү ысышып,
Чекеден терин сызышып,
Дүмпүлдөк оюн салышып,
Шылдың менен кай бирөөн
Калп эле сабап калышып,
Кайнардын кара көзүндө,
Көк-Чынардын өзүндө,
Төрт-Күлдүн төмөн жагында,
Туу көтөргөн жаңыдан
Туйгунуң Манас тагында
Айбалта, кылыч эгешет,
Азамат эрлер кеңешет.
Алоокенин айынан
Кыргыз бүткөн чогулуп,
Аз болгондо кээ күнү
Келген-кеткен адамга
Алтымыш бээден союлуп,
Жата турсун жаш Манас,
Жалпы журтун ыйгарып
Жердегени – кең Талас.