Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Аянып калар жаны жок.

Кошуун жыйды саны жок,

Азыр сизден абаке,

Коркуп калар жаны жок.

Жылдызга жыргап кетебиз,

Анжияндын кыргызын

Жылас кылса нетебиз?

Аркага жыргап кетебиз

Аман койсо кудайым,

Бар көлгө барып жетебиз.

Түтөгөн калмак кыргызды

Түк койбой кырса нетебиз?

Упалуу беттен кан акса,

Убалы кимдин мойнуна?

Сурмалуу көздөн суу акса,

Жашы кимдин койнуна?

Биз кеткен соң бу жерден,

Бирин койбой бул элдин

Кыргызга кыргын салбайбы.

Наалат кетип Манаска

Кызыл кан түшүп мойнуна

Кыстоосуна калбайбы!

Казакка каран салбайбы,

Акыретте Манаска,

Кайгысы түшүп калбайбы?!

"Эркек козу туулуптур,

Не жумушка туруптур, -

Курмандыкка караткан;

Эр азамат туулуптур,

Эмне ишке туруптур, -

Намыс учун жараткан!

Ак жазганын көрөмүн,

Намысым үчүн өлөмүн, -

Кыргызга Манас болгонум.

Кылайып деги жарайбы,

Кырдырып элди койгонум!

Бүгүнкү күндө албайбы,

Бул кыргызды жүдөтүп,

Эртеңки күндө албайбы,

Чүй, Илени түгөтүп?!

Бүрсүгүнү албайбы,

Алтайга кошуун барбайбы,

Куралып каңгай калган соң,

Алың келбей калбайбы.

Азапка салып Алтайды,

Алтайга койбой бир тайды.

Айлыңа алып келбейби

Аким кылып калдайды?!

Өзүң кылган кылмыш деп,

Өтөрүң сенин кылыч деп,

Өкүм күчүн кылбайбы,

Өткүрлөрдүн баарысын

Өкүнүч менен кырбайбы!?

Кыйын болуп калбайбы,

Кызыл ээк чалдарга,

Кыямат күнү түшпөйбү,

Кызыл муштум балдарга.

Алдыратып койбойбу,

Ак чач болгон кемпирди.

Алтайдан бизди бул жерге

Алда таалам келтирди.

Өткүрү калсын элимдин,

Намысын коргойм жеримдин.

Кыргыздан чака пул чыкса,

Өчкөнү жакшы өмүрдүн.

Кыргызга намыс талаштым,

Кылыктан Бакай адаштым.

Кызыл чака чыкканча,

Кыямат кетсин Манасың!".

Ачууланып муну айтып,

Абакеси Бакайды

Азыркысын муңайтып,

Токтолуша калыптыр,

Токойлуу кендир тоосунан,

Толкуп жаткан көп кошуун,

Жайнап чыгып алыптыр.

Туусу тууга урунуп,

Туташып тозоң бурулуп,

Ала байрак ак найза,

Колдорунда заңкайып

Атпай кыргыз шерлери

Алгыр куштай кымпыйып,

Астындагы мингени

Аргымак аттар кындыйып,

Айдаркан, Көкчө, эр Үмөт, -

Азар түмөн кол келет.

Аргын Каракожосу,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.