Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кочуп келиши
Бейлебей бул журт кырылып,
Мээнетти тартар жер экен.
Кароолго чыкчуу бели жок,
Карылыш болсо кокустан,
Сыйлыгышчуу жери жок".
Бул жерди - Манас жактырбай,
Бойлоп көчүп калды эми.
Эли, колу аралаш
Узун жолго салды эми.
Караса көзгө илинбейт,
Кайнап көп мал келатат,
Кайсы экени билинбейт.
Тиктесе көзгө илинбейт,
Көчкөн элдин төрт түлүк
Тилингени билинбейт.
Кечээ Манас - Манас болгондо,
Манас атка конгондо,
Эрешен тартып шер болуп,
Эр уулу менен тең болуп,
Кең Алтайда турганда,
Кара кытай, маңгулдун
Келгенин кайра кууганда,
Узун аяк көп малды
Арбын жыйып алыптыр,
Ушуну менен бул кыргыз
Оокат күтүп калыптыр.
Туура жагы көп малдын
Ит-Өлбөс чөлдүн четинде,
Асты жагы көп малдын
Ак мөңгү тоонун бетинде.
Орто жери оюлуп,
Оюн салып кээ бирөө
Мүдүрүлүп союлуп,
Өлгөн малдын этине
Бөрү, түлкү тоюнуп,
Эрендер жүрдү калкылдап,
Эсен көчүп былкылдап.
Бирдигин берип Манаска
Алыстан келген калың көч
Аман жетти Таласка.
Келишимдүү кең Талас
Турган экен жайкалып,
Жакшыкакай төрлөрү
Жаткан экен чалкайып.
Жердеген адам тунбайбы,
Жер соорусу турбайбы.
Өлкө-түзүн караса,
Токою бар, талы бар,
Ал токойдун ичинде
Жан бүткөндүн баары бар.
Кескелдирик жылаандай;
Оюн салган куланы
Толук семиз кунандай;
Жылаандары ар кандай,
Алла-таалам дүйнөгө
Жан жараткан ар кандай;
Чымчыгына карасаң,
Алтайдагы улардай,
Чырпыгы бар чынардай,
Чынарлары мунардай;
Ар тарабын тиктесең,
Адам айран калгандай, -
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас
Жери сонун ар кандай!
Өзөнчөдөн бөлүнүп,
Аккан тунук булагы,
Ай, жаныбар, кең Талас,
Бейиштен артык сыягы!
Туш-тушуна карасаң,
Айланган тоо чеп экен.
Кулак угуп көз көргөн
Канча жерден бек экен.
Көк жал Кошой абаңдын
Бул айтканы эп экен.
Тыяк жагын караса,
Оңурайып көрүнөт
Кан-Жайлактын кайкысы,
Ушул жерден айрылган ,
Кайран кыргыз журтуңдун
Тумшугунун тайкысы.
Адырынын төрүнө
Аркар оттоп куюлат,
Куюлган жерин караса,
Адырдын чөбү суюлат.
Будур-будур тоосунан
Бугусу чүдөп куюлат,
Будурмакты караса,
Будурдун чөбү суюлат.