Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Айкымдардын Шаабеги,

Алчындардын Бообеги,

Окчулардын Шүкүрү,

Нойгуттардын Чубагы,

Орчун улуу кол менен

Келип турду бу дагы.

Кыйындын бири Байжигит.

Кыпчактардын Үрбүсү,

Кыйындардын баарысы

Кыргылчал баштап карысы

Жанадилдин Жанайы

Жайнап келди көп кошуун,

Кызгыздардын далайы,

Аранике бет алып

Аттанган жагын өрт салып,

Ак асаба кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу,

Көк асаба кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу.

Доол согуп күңгүрлөп,

Тоо көчкөндөй дүңгүрлөп.

Жаракты белге чалынып.

Жаратканга жалынып,

Баянды деген талаага

Бара жатыр көп черүү

Баштаганы эр Манас.

Боз ала тоонун учунан,

Болжолу жок көп кошуун

Чыга түшсө ушундан,

Араниктин талаасы

Ат чабым жакын калыптыр,

Карарып жаткан калаасы.

Кошуун менен жык толду

Дарыя тоонун арасы.

Найзанын учу жылтылдап,

Кошуундун башы кылкылдап,

Дүнүйө толуп былкылдап,

Калаасында каңгырап,

Бандулусу* кагылып,

Байкаган эстен жаңылып,

Найзага найза чабылып,

Калаадан чыгып көп кошуун,

Кыргыз жакка жабылып,

Күңгүрөгөн добушу,

Күнчүлүк жерге угулуп,

Араниктин калаага

Кошуун батпай тыгылып,

Булардын каны Кеселик

Баянын айтып кетелик

Талап соксок жолборсу,

Талапташ жүргөн жолдошу.

Айчаң уулу Кеселик,

Кошуун башчы эрлерин

Айтьш өтүп кетелик.

Шаа Куршаа күрөндү,

Шапкер тартып көп эли,

Кошуунга салып сүрөндү,

Азгыргандай дүйнөнү.

Лайлама* малу деп,

Айгай менен жүргөнү.

Айбатын көргөн адамдар

Аягын көрүп жүдөдү.

Качалык, Укуриясы

Кашындагы кыргызды

Жок кылчуудай кыясы.

Келди чаңы созулуп,

Кетте черүү* кол менен

Кеселике кошулуп.

Санамар менен Байманы

Сансып кошуун барганы,

Жана сегиз байы бар,

Урушка кирер балбаны -

Ашай аттуу баатыры

Азар түмөн кол алып,

Кошуун келген акыры,

Алоокенин колунда

Албан түрлүү баатыры,

Айбатын көргөн адамдын,

Калар эмес акылы.

Төрт керикке* жүк артып,

Төрт жүз бөлөк туу тартып,

Кажылдашып чуу тартып,

Каңгай менен кыргыздан

Кылкылдашып барлык жан

Дап добулбас* урушту,

Сап байлашып турушту.

Так ошо жерде көрөсүң

Тамашалуу жумушту.

Туу көтөрүп, кан жайып,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.