Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Туташып кошуун калдайып,

Үшү кетип жамандар

Уруш көрбөй далдайып,

Мууну кетип шалдайып,

Астынкы эрди албайып,

Үстүңкү эрди калбайып,

Үшкүрүгү көп болуп,

Өңү сары чөп болуп,

Баатырлардын баарысы

Майдандан жоктур калгысы.

Өрттөй көзү кызарып,

Өрдөктөй мойну узарып,

Караса, көзү чачырап,

Кайраса тиши качырап,

Эликтей көзү жайнашып,

Эринин кесе чайнашып,

Токтоп тура калганы.

Токтолгон жерде каңгайдан

Тобунан ашык баатыр жан -

Талап аттуу балбаны

Кошуунунан бөлүнүп,

Айгайлап чыга калганы.

Нак ушу жерде көрүндү,

Азыркынын айбаны.

Найзасын алып колуна,

 (Аңдаңар сөздүн соңуна),

Алты сайлуу ак бараң,

Асынып мылтык жонуна,

Кылычын байлап белине,

Кыргын салып келем деп,

Кыргыз, казак элине,

Туюк темир туулга,

Кийип алып башына,

Кесенген бойдон келиптир,

Кыргыз колдун кашына.

Көбүнөн чыгып бөлүнүп,

Көрөр болсоң чоң башын,

Көк сырдаган күмбөздүн

Төбөсүндөй көрүнүп,

Мунарадай бою бар,

Бу дүнүйө жалганды

Бузам деген ою бар.

Кыргыз менен казагың

Берейин деп азабын,

Айгай салып акырып,

Ажалың жеткен келгин деп,

Аман калбас элиң деп,

Коркогуң эмес эриң деп,

Жыгылар ушу жериң деп,

Бири менден кутулбас,

Бу жерге келген элиң деп,

Жалгызың эмес жамың деп,

Жалпы баарың өлөрсүң,

Аман калбас жаның деп,

Караң менен каның деп,

Кайсы ажалың жеткениң,

Камданып чыга калгын деп,

Бар кошуунуң жыйылып,

Мага келбес алың деп,

Баатырың болсо, ат мин деп,

Балбаның болсо, бат кел деп,

Так ажалың жеткениң,

Талап дөөгө кез кел деп,

Добулду катуу урганы;

Бадиректи карасаң,

Майданга кирип турганы.

Көпчүлүк сөзүн угуптур,

Көтөрүлүп бу кытай

Майдан тартып туруптур.

Кыпчактын Көчөк баатыры,

Кыйкырып чыгып акыры,

Желегин шамал жапырып,

Жетип барды акырып.

Акырып найза салганы,

Найза экен деп элебей,

Каңгайдын Талап балбаны

Кагып ийип найзасын,

Күч менен күрсү салганы.

Карган Көчөк баатырың

Күл-күл болуп калганы.

Көмө чаап Көчөктү,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.