Араниктеги согуш
Кеселик менен сайышты.
Найзалашып ал экөө,
Аш бышымдай алышты.
Абакеңиз эр Бакай,
Ачууланып акырып,
Кары жинин чакырып,
Кеселикке жеткени,
Кемерден кармап кытайды
Алты жашар баладай
Атынан жулуп кеткени.
Көрүп кошуун турганы,
Көтөрүп туруп эр Бакай
Жерди көздөй урганы.
Жерге тийип алыптыр,
Тийген жагы быркырап,
Немеси калбай калыптыр.
Уларбозду ойнотуп,
Кеселик дөөнү сойлотуп,
Майданда уруш салыптыр.
Байкап көрсө кеч болуп,
Урушу таркар кез келип
Кайра тартып калыптыр.
Эр Бакай кошко барыптыр.
Кароолду катуу коюшуп,
Эки колдун баарысы
Карынын ашка тойгузуп,
Чыңоолдорун чыңашып,
Чың эткен үнүн чындашып,
Конуп кошуун жатыптыр.
Эртеңки таң атыптыр,
Тоолорго күн чалыптыр,
Толкуган дайра көп кошуун,
Камданышып калыптыр.
Шакурша деген баатыры
Майданга кел деп бакырды,
Бат жүргүн деп чакырды.
Каары катуу калмактын
Жаркөк деген аты бар,
Дажаалдайын заты бар.
Астындагы Жаркөктүн
Жаадай бели ийилип,
Жаалданып Шакурша,
Жалаң темир кийинип,
Лаилама колдо деп,
Лаанатка сыйынып,
Майданга кирип алыптыр.
Бачым келгин мында деп,
Бакырыгын салыптыр.
Аны көрүп күүлөнүп,
Ачууланып, сүйлөнүп,
Арыстан Үрбү барыптыр.
Кыйкырып калмак жеткени,
Кылычын сууруп чабарда,
Кыраан Үрбү калмакты .
Кыйык атып кеткени.
Беттешкенин мерт кылган,
Арыстан Үрбү баатырдын
Адистиги эмей неткени.
Аны көрүп акырып,
Лаилама колдо деп,
Тирүү жаным калат деп,
Бөөдө кам-кум болбо деп,
Күрөңдү келди күркүрөп,
Көргөндүн бою дүркүрөп.
Ооздон оту буркурап,
Көздөн жалын шыркырап,
Найзаны колго алыптыр,
Алиги Үрбү баатырга
Айкырып найза салыптыр.
Кагып ийип найзасын,
Кайра Үрбү шилтеп калыптыр;
А да кагып салыптыр.
Он беш кайра беттешип,
Жыгыша албай калышып,
Кылыч сууруп алышып,
Кырк, элүүдөй чабышып,
Башта калкан туулга
Басылбаган чуулган.
Кыйкырып кылыч чабышып,
Алсак дешип бир-бирин,
Асылышып жабышып,
Ай балта бар белинде
Ак тасма боо тагышып,
Теңөлүктөн алышып,
Төбөдөн ары салышып,
Башка калкан жабышып,
Калканынын үстүнө
Балта менен чабышып.
Балта катуу чабылып,