Араниктеги согуш
Талаптын сөзү күчөптүр:
"Чымчыкча чыдап калбадың,
Чыкпай калды арманым.
Бачым кел деп баатырың,
Талкалар Талап бакырың,
Караң коюп каның кел,
Миңиң коюп саның кел.
Өлүмүңдү сагынсаң,
Өңкөй кыргыз баарың кел!".
Талап муну сөздөдү,
Кыргыздардын Талапай,
Бу каңгайга көздөдү.
Ачууланып акырды,
Желге желек жапырды.
Жекеге чыккан Талапты
Талапбай эми чакырды.
Талаптан найза жеткени,
Кылыч менен бу каңгай
Кыя чаап кеткени.
Кыя чаап найзасын,
Кылды каңгай айласын.
Талапбай кайра качыптыр,
Найзасы сынып шашыптыр.
Азыркысын ал Талап,
Ал-кайраты ашыптыр.
Ашпаганда неткени, -
Талапбайдын артынан
Дагы кууп жеткени.
Аты менен өзүн да,
Жара чаап кеткени.
Ат-маты менен бөлүндү,
Алиги келген баатырдын
Айбаты катуу көрүндү.
Талапбайды талкалап,
Таз күрөң минип чалкалап:
"Азыр мага келе бер,
Алтайдан келген төрт кыргыз
Кимди жүрсүң аркалап?
Кайнатайын шоруңду,
Кара жер кылып ордуңду,
Кейитермин жаныңды.
Кетирермин саныңды.
Келе бергин соёюн
Бириң эмес баарыңды!".
Муну айтып айгай салганы.
Казактын Соорун балбаны
Канетет деп бу Талап,
Каршы барды акыры.
Найза салды Талабы.
Талаптын чанчкан найзадан
Соорун тирүү калабы?
Боордон найза салыптыр,
Сырттан чыга калыптыр;
Жыгылды Соорун шол жерге.
Карап турган калың журт
Эси келбейт "ээ" дээрге.
Бар жарагын байланып,
Жоо жарагын шайланып,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланып,
Кадыр алда кудаа деп,
Жаратканга жалбарып,
Уларбозду моюндап,
Кара сакал коюндап,
Абакеси эр Бакай
Атка минсе ак жолтой,
Атышкан жоодо сан колдой.
Жортук жүрсө,ак жолтой,
Жоого тийсе сан колдой,-
Абакеңиз эр Бакай
Уларбозду аргытып
Артынан чаңын баргытып,
Талапка каршы жеткени.
Талкалайын муну деп,
Көргөн жерден эр Талап
Көңүлүнө кеткени,
Көк найзаны көтөрүп,
Көсөл Бакай жеткени.
Каңгайлардын Талабы
Кыйкырган бойдон а дагы,
Күрсүсүн күүлөп алыптыр,
Шыпыра чапсам найзасын,
Кетирем деп айласын,
Найзага күрсү салыптыр.
Күрсү келип тийгенче,
Найзасын Бакай буруптур.
Жаздым чаап найзаны,
Күрсүнү жерге уруптур.