МАНАС БААТЫР ТҮШ КӨРҮП, ТОЙ БЕРИП ЖОРУТКАНЫ
Капкасы болот коргондо,
Карабөрктүн ордодо
Башына жастык коюлуп,
Баатыр уктап чоюлуп,
Напсиси бөлөк уйкунун,
Абыдан канып тоюнуп,
Жатып баатыр түш көрүп,
Далай сонун иш көрүп,
Кур биябан *-чөл эмес,
Дарыя чалкар көл эмес,
Бөксө кара жол менен,
Бөтөн-бөтөн коо менен
Жолго баатыр салыптыр,
Келе жатса, кезигип
Жолунан чыгып калыптыр.
Байнеги * алтын, сабы жез,
Узундугу үч-төрт кез,
Сырты калың, мизи курч,
Алкымы түз, кайкаң уч,
Кандай болду бул кылыч?
Жерден Манас алганы,
Өткүрлүгү кандай деп
Жаткан уйдай кара таш
Кылычты Манас салганы,
Боордоюн лып этип
Кесип кетип калганы.
Таш бөлүнүп калганы,
Таштан өтүп бу кылыч
Зардабы жерге барганы.
Байланып алып, сүйүнүп
Баатыр жолго салганы.
Жолдон бара жатканда
Жандагы жалаң кылычы
Жолборс болуп калганы.
Соңунан ээрчип Манастын
Жолдош болуп алганы,
Жон дөбөгө барганы.
Төрт тарабын карады,
Күркүрөп жолборс марады,
Атагы кайып болгондун
Эч кайсысы калбастан
Айбатына барганы:
Моюндарын сунушуп,
Таазим кылып турушуп,
Кайып тарап калыптыр,
Карап турса жолборсу
Карчыга болуп алыптыр.

