МАНАС БААТЫР ТҮШ КӨРҮП, ТОЙ БЕРИП ЖОРУТКАНЫ
Жалгыз жолго салганым,
Кызымталдуу бир кылыч
Жолдон таап алганым.
Байнеги* алтын, сабы жез,
Табылды жолдон мага кез.
Сырты калың, өткүр миз,
Учу кайкы, мойну түз.
Сынамакка кылычты
Ташка чаптым ошо кез,
Ташты кести эттен тез.
Курч экен деп алганым,
Кубанып кынга салганым,
Байланып алып жаныма
Бастырып жүрүп калганым.
Салмактанды бир кезде,
Салаңдап жерге жетиптир,
Боосу узарып кетиптир.
Учу жерге тийгени,
Тийген жерин чийгени,
Кылычым бөлөк сүрөткө
Нак ошо жерде киргени.
Кыйшык айткан сөз болбос,
Кылычым болду бир жолборс,
Жолборс болду маа жолдош,
Алтындан нокто катылат,
Ар тараптан аң көрсө
Атырылып атылат.
Аңдап көргүн көй төрө,
Ай талаанын бетинен
Алдымдан чыкты бир дөбө.
Дөбөнүн чыктым башына,
Жолборсум жолдош кашымда.
Күн батышка бир карап,
Күн чыгышка бир карап,
Жолборсум турду ыңгырап,
Күн тарапка бир карап,
Түн тарапка бир карап
Жолборсум турду күркүрөп,
Төрт тараптан айбанат
Төгүлүп келди дүркүрөп.
Жан-жаныбар жыйылып,
Дөңдө жалгыз өзүмө
Таазим кылды сыйынып.
Уруксат берип тараттым,
Жап-жайына караттым.
Айбанат тарап алганы,
Алиги турган жолборсум
Ак туйгун болуп калганы.

