Керегесин керттирген,
Он эки канат ордо үйү,
Түндүгүн түрүп тептирген,
Ууктарын учтаган,
Учуна манат тыштаган,
Бастыргычы дейилде,
Ак манат менен тыштаган,
Чийин жибек чырмаган,
Уук менен кереге
Отуз түрлүү сырдаган,
Карабөрктүн ак ордо
Жакынынын баарысын
Жалпы-аламан киргизип,
Төрдө олтурду карысы,
Төгөрөк тартып баарысы.
Кырк чанач кымыз киргизди,
Эр башына бир кесе —
Сары аяктан тийгизди.
Коноктон арткан шекер бал,
Кошо кирди казы, жал.
Аш-тамакка тоюшуп,
Аңгемеде болушуп,
Олтурган орчун бийлери
Оюна келген сөздү айтып
Аңгемесин сүйлөдү.
Базарлуу жерде баасы
Алты миң, беш миң дилдеге
Араң баалап алуучу
Эл байына жолукса
Төгөрөк ирктен төрт миңге
Баасы тынып калуучу,
Арзан жок анын келгиси,
Ал тонду азыр ким кийсе
Алты миң үйгө бий болгон
Акимдиктин белгиси,
Улуктук тонун алыптыр,
Сол карыга салыптыр.
Душмандын баарын каарыган,
Темирди талдай таарыган,
Урушту күндө узарган,
Учунан оту кызарган
Кылычын жалаң таянып,
Кылар ишке шайланып,
Көй баатырдын жолунда,
Кылычы жалаң колунда
Жүүртө басып олтуруп,
Анда Манас кеп айтат
Аңдаңарчы деп айтат:
Акылы терең арстандар,
Кылыгы башка кыйындар,
Кыла турган ишиң бар,
Жоруй турган түшүң бар:
Бөксөдө улуу жол экен,
Жеринде жемиш мол экен.
Аккула ат экен мингеним,
Ак күбө экен кийгеним,
Жайбаракат бастырып
Жалгыз жолго киргеним.