Кукулуктап унчукса,
Куштан бөлөк үнү бар,
Куйрук-башы жаркылдап,
Куудан аппак жүнү бар,
Айбат менен караса
Алп кара куш сүрү бар.
Текөөрү болот, сары аяк,
Темингенин куткарбас,
Үңкүр кабак, үнү ачуу,
Умтулганын узатпас,
Сегиз арыш буту бар,
Куйругунда куту бар.
Саңоорлору сары алтын,
Таканак* жүнү баары алтын,
Талпынды канат жаркылдап,
Ачуу чыкты добушу
Асманды көздөй баркылдап,
Алп кара куш баш болуп,
Аяк жагы короолу,
Асманга толуп калкылдап
Сыярат кылып сыйынды,
Ачып канат ирмеген
Астына келип жыгылды.
Бу дүнүйө жандарын
Койбодум деп ойлодум,
Кондурган бойдон колума
Ошо түштөн ойгондум.
Жоруңар деп ушуну,
Кылыч, жолборс, кушумду,
Айтты түштүн жөндөрүн.
Арзан эмес бу түш деп
Акылмандын баарысы
Акылдары бөлүндү,
Абдылданын көзүнө
Айнектен тунук көрүндү.
Угулган экен мурунтан,
Узактан келген канча жан,
Дайын болгон далайдан,
Алмамбет келди Көкчө деп
Айтып келген далай жан,
Какандын болгон каны деп,
Кара баштуу бендеден
Адам жеңбес аны деп.
Башында Ажы сөздөдү,
Алиги турган көй баатыр
Бирин-бири көздөдү.
Баарысы батпай токтолду,
Көрүнгөн кебин айтууга
Ажыбай чечен октолду:
Билинди айткан түшүңүз,
Оңолгон экен ишиңиз,
Оолуккан экен сени издеп
Ойдогу азиз кишиңиз!