Бул дүйнөдө жолдошуң,
О дүйнөдө колдошуң,
Келет экен түштөгү
Алмамбет арстан жолборсуң!
Ал сөздү айтып Ажысы,
Баштап колун көтөрүп
Бата кылды баарысы.
Кан Жакыптын баласы,
Кабылан сындуу Манасы
Көңүлү өстү жетилип,
Көшүлүп бою чечилип.
Эбедей бою эзилип,
Эт жүрөгү созулуп,
Алмамбет келип эми эле
Калгандай болуп кошулуп,
Каалгадай кашка тшд,
Калайыктан башка тиш
Кашкайып чыгып алганы,
Карк алтындан дейилде *
Ажыга жаба салганы:
Акылың башка Ажысың,
Арзысам киер башыма
Алтын жыга* таажысың.
Аманатың аманда
Айтар сөздөн, акылдан
Алдырбайсың адамга.
Жаның тирүү турганда
Жаактуудан адам жанашпас,
Таалайыңды адам талашпас,
Бийлик тонду алдың деп,
Бий болдуңуз ажым деп,
Тоң кийгизди өзүнө,
Кубанып айткан сөзүнө.
Ажы бий болду атагы,
(Ажыбай деп атаган
Акындар билбес чатагы).
Бай Жакып баштап баркылдап,
Баарысы күлүп шаңкылдап,
Ажы акең чыкты эшикке
Алтын тон кийип жаркылдап.
Куш келди Манас канына,
Кубаныч келди баарына.
Жай өтүп күзгө тартыптыр,
Жайлоонун көрүп үзүрүн
Жайкалышып жатыптыр.