МАНАС БААТЫР ТҮШ КӨРҮП, ТОЙ БЕРИП ЖОРУТКАНЫ
Кытайга намыс бербеген,
Кылымдан ашык эр деген,
Кыйындары жыйылып
Кырылышып, жеңбеген,
Оолаты* кытай эл деген.
Кара чок калмак жыйылып
Кармашып жүрүп жеңбеген,
Кара баштуу кишиден
Кашкая жалгыз эр деген,
Аркы атасы Чылаба,
Намысын колдон бербеген,
Берки атасы Солобо,
Адам уулу жеңбеген.
Өз атасы Соорондук
Өкүмөттүн башында,
Өңкөй Бээжин аскери
Кызмат кылган кашында,
Соорондук уулу Алмамбет
Согуш кылып кытайга
Он сегизде жашында,
Айдыңы тийген өзгөгө,
Айтса сөзүн узартып
Арбак болгон Көкчөгө.
Кызматы тийген өзгөгө,
Кылган ишин узартып
Кызыр болгон Көкчөгө.
Жаманга башы чарылып,
Жайын билбей казактар
Эр Көкчөдөн таарынып,
Өткүрлүгү кылычтай,
Айтканына бек турган
Убада сөздөн жылышпай!
Айбаты бар жолборссуң,
Жолборс болсо жолдошуң
Алмамбет келип сиз жакка,
Аркасы тийип биз жакка,
Ак туйгун болгон кушуңуз,
Душманга тийген мушуңуз,
Канаттуулар жыгылып,
Кашыңызга келгени
Көк өзүңө сыйынып
Сыймыктуу эрдин баарысы
Сыйынат экен өзүңө,
Кайыптын баары сыйынып,
Көрүнгөн экен көзүңө.

