Яндекс.Метрика

К

Коросон оттук - курч оттук таш.

Кочку - айыл башчы.

Көй - өңкөй.

Көй кашка - өнкөй баатыр.

Көйкап - миф. дүнүйөнү курчап турган, дөө-перилер жашаган чексиз бийик тоо.

Көк жал - абдан баатыр (түпкү мааниси -бөрү).

Көк жеке - кандар, бектер кайүүчү өтүк.

Көк көйнөк- уйдун өлөтү.

Көкчыбык - Бакайдын мылтыгы.

Көмүркөй - темир-тезек салынуучу  куту,сандыкча.

Көңкү - жалпы, баары.

Көөнө Турпан - Синь-Цзян территориясындагы бир шаардын аты.

Көөсөр - кем акыл, ала көөдөн.

Көөхар - кымбат баалуу асыл таш.

Көсөл - эптүү, ыкчыл.

Көрчөгө - үй буюмдарына чөгөрүлүү үчүн металлдан иштелген буурчак  сыяктуу жасалга.

Куй - пейил, мүнөз.

Кумул - Хами (Синь-Цзян территориясындагы бир шаар).

Купа - жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүккө чөгөрүлгөн наар.

Купуя - жашырын, ичинен.

Кутман - бакыт, бактылуу.

Күлдү - жалпы баары.

Күлпөң - сыймык, касиет.

Күндө - колго салынуучу кишен

Күңкүү - ушак, айың сөз.

Күп - бодонун терисинен жасалган идиш.

Күрөөкө соот - баатырлар жоого кийүүчү ок өтпөс тон.

Кызыл -  Кашкар территориясындагы чон суу.

Кызыл кырма, ак жайсаң - ар ишке абдан кызыктуу.

Кызыл чоктуу: чок  - бөрккө тагыла турган кызыл чачы.

Кызыл чака пул - жез тыйын.

Кызыр - миф. адамды колдоочу олуя.

Кылап - ык, оңтой, бап.

Кылыч куйрук - эң кыйын, азуулуу айбан.

Кыңгыр - Алтай тараптагы тоо.

Кырмызы - кызыл жибек.

Кыяк - темир тондун бет тарткычы.

Кыяңгер - Кытай жериндеги тоонун аты.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.