Яндекс.Метрика

М

Маараке - той-тамаша кызыган  кези.

Мажуси дин - көп кудайга   сыйынуучу бутпарастык дин.

Макулук - жан-жаныбар.

Мамырлап - тынчып, жыргап.

Манат - баалуу кездеменин бир түрү.

Манжуу - 1) Маньчжурия өлкөсү; 2) манжур эли (эпос боюнча).

Маңгүү - эпосто кытайдын бир уруусу.

Маңкүштө - монгол, калмак элинин баатыры.

Марал-Башы - Кашкардын чыгыш тарабындагы бир шаар.

Мароо - качырууга даяр болуп туруу (арыстан, жолборско таандык).

Мартуу - миф. төреген аялдарга зыян келтирүүчү дөө-перилердин бир түрү.

Жасилет - кеңеш,  кеңешүү, акыл айтуу.

Мелжеп - болжоп, байкап.

Меңсиз аппак - кирсиз, бедерсиз, тунук, аппак.

Милтелүү булбул - доошу муңдуу.

Мискин - начар, бечара.

Молтолуу дуба - адамдын башын айландырган амалдуу сыйкыр, дуба.

Мөндү - калмакча "кел!", "кел!" деп чакыруу.

Мубакүл - учу курч найза.

Мурдар - булганч, бычырак.

Мыйзам - 1) күз келгенде гүлү уча турган өсүмдүк; 2) күз маалы.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.