Яндекс.Метрика

К

Кабылстан - Афганистан (эпос боюнча).

Кабырга тууган - ыраак тууган, кыйыр тууган.

Кадеми каткан - алдан тайган, иши оңунан чыкпаган, шору кайнаган.

Кайбар - күжүрмөн, мыкты эр.

Кайгуул -душмандын жолун чалуу, чалгын.

Кайраты каркап толуптур - кайраты күчөп, чыңалып толуптур.

Кайсаң - кытайдагы бир тоонун аты.

Кайып - миф. көзгө  көрүнбөгөн жомоктотогу жан (адам, айбан).

Какан - эпосто Кытай падышасы; кээде - Кытай мамлекети маанисинде айтылат.

Каканчын - эпостогу Кытай мамлекети.

Какшыраган - картайып чөгүп калган, катып калган.

Калайман - бүлгүн, дүрбөлөц.

Калка - коргоо, калканыч.

Калмак ээр - ээрдин бир түрү (эки кашы жапыс, актасы кенен).

Калпа - эшен дамбылдалардын жардамчысы.

Калча - түрү суук.

Камчыга ченеп бэлүү - олжону бүтүндөй өлчөп бөлүү.

Канжар кол - 1) эпос боюнча - кытай,монгол элдери балдарын жашынан катуунерсени муштатып үйрөткөн. Ошолордон түзүлгөн катуу колдуу аскер; 2) алптын аты.

Канга сабың болбоюн - элдин канын төгүп, убалга калбайын.

Капилет - билбей, туйбай калгандык.

Каптоо - к. Көйкап.

Капчал - тоонун боору, жан жагы.

Капыл жерден - кокустан, күтпөгөн жерден, капыс.

Капыя жерде - жашырын жерде.

Кара байыр казанат - күлүк аттын  бир түрү.

Караламан - көпчүлүк эл.

Кара элечек кылуу - урушта жеңилген тараптын аялдарын жесир калтыруу.

Карап кылып - ойрон кылып, талкалап,кыйратып.

Каркап - абдан толуу.

Карк алтын - таза, чылк алтын.

Каркыбар - кайран, мыкты.

Каркыралуу кыз - көчкөндө жасалгаланган төөнү жетелеген бойго жеткен кыз.

Карсак - жырткыч айбандардын жалпы аты (түлкү, карышкыр ж.б.).

Карынчы - темир жөн кап.

Кас буудан - анык, нагыз буудан

Капсан - Монголиядагы бир тоонун аты.

Кебээ курсак - салык курсак.

Кежим - жээгин алтындап жасаган ат жабуу

Келеме жака - алтын, күмүш зымдар келептеп оролгон жака.

Кент - кыштак.

Керден - моюн.

Керденкечтик - моюн таптык.

Керем - жердин аты.

Кери - көтөрүңкү жер,акырындап жогору көтөрүлгөн айдөөш жер.

Керик - айбандын аты (носорог).

Кете - баалуу кездеменин бир түрү.

Кирич - жаанын кергичи.

Койчагыр - мылтыктын бир түрү.

Коломолуу - сансыз көп.

Коломсок - жаанын огунсала турган нерсе.

Көмөкөйлүү - учунда темири бар (найза).

Комсунуу - жактырбоо, алымсынбоо.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.