Ж
Жаал - жайыл, өз билгенин бербеген, өжөр.
Жабуу - монгол, калмак элдеринин ат коюп киргендеги урааны ("жүргүлө!" деген сөзү).
Жабуулуу кара иңген - эн көтөрүмдүү, уяттуу, баарыга бирдей караган текеберсиз аялга карата айтылаг.
Жабыр баян - азуулуулардын эң кыйыны.
Жабыр - жыбыт жер.
Жадаал - салгылашуу.
Жадачы - к. жайчы.
Жадоо - жүдөө, адсыздануу, этинен таюу.
Жадыгөй - сыйкырчы.
Жазайыл - чоң мылтыктын бир түрү.
Жайсаң - калмактардагы бир айылдын же бир топ жигиттердин башчысы.
Жайчы - миф. сыйкырлык менен күн жаадыруучу адам.
Жакут - кызыл түстүү, баалуу асыл таштардын бир түрү.
Жамбы - куйма күмүш, сом күмүш, куйма алтын, сом алтын.
Жам болуп - биригип, чогулуп.
Жанут - териси баалуу азуулуу айбан.
Жаракы - эки адамдын арасың бузган бузуку, куйту адам.
Жарандар - достор, жакшылар, калайык, эл.
Жар-жоро - достор, ашыналар.
Жасат - өлгөн адамдым сөөгү.
Жез бидек - шыйрагы узун (аргымак, чалыш ат жөнүндө).
Жезит - шүмшүк, митаам.
Жезнай - жез сыбызгы, чоор.
Желпини - боюнда бар аялдын тамакка талгак болуп көксөөсү.
Жеркен - Кашкардын түштүк тарабындагы Яркент шаары.
Жетиген кыям - Жетиген жылдызынын Алтын-Казыктын түндүк батышында турган учуру.
Жобогондо - катуу кайгырганда.
Жолум үй - малчылар тигүүчү жеңил үй.
Жороду: алымын артык жороду - алыксалыкты көп салды.
Жубар - таза, тунук, аппак.
Жумуран каз - журт болбой эле кал.
Жуук - жакын.
Жуучу - кызга куда болуу жөнүндө сүйлөшкөнү келген адам.
Жылдыз - Синь-Цзяндагы (Текестеги) бир жайлоонун аты.
Жылма чалгын - астыртан, тымызын чалгын.
Жылоо - тизгиндин түбү.