Яндекс.Метрика

Б

Баарчын - алты жашынан аркы бүркүттүнсанат аты (бир баарчын, эки баарчын, үч баарчын...).

Баба дыйкан - миф. эски ишеним боюнча - эгин айдаган дыйкандардын колдоочусу (кудайы).

Багалак салып - ордо атып, күрөшүп.

Бадана - ок өтпөс тон.

Бадирек - кара нээт, бузук.

Бажы - алык-салык, налог.

Бак байсалуу коргон - бак-дубалдуу коргон.

БАКЫЛ  - сараң.

Бакыр - кедей, жарды.

Баң-Баң башчы - кытай, монгол жериндеги айыл башчы.

Бандулу - барабан.

Бапан: башы бапан, аягы сапан - чексиз алыс таркаган.

Бапик - тебетейдин төбөсүнө, ычкырга тагылган чачы.

Бараан - 1) караан; 2) ири, чон.

Баран - мылтыктын бир түрү.

Баргек - 1) талдын бир түрү; 2) сөйкөнүн аягындагы желбирөөчтөрү.

Бардаш - кайраттуу, келбеттүү.

Бардыгып - чарчап, бордугуп.

Барик - жалбырак.

Бар-Көл - Синь-Цзяңь жериндеги көл жана шаардын аты.

Барча - баалуу кездеменин бир түрү.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.