Яндекс.Метрика

А

Абайы - баалуу кездеменин бир түрү.

Абак - казак элинин бир уруусу.

Агача келин - ак жүздүү, сулуу келин.

Адаш жол - туура эмес жол, жаңылыш жол, адаштыра турган жол.

Ажаалаган - жаалдаган, ажылдаган.

Ажаан - бейжай,  уятсыз, жаактууга жай бербеген адам.

Азар - миң; азар түмөн - сан жеткис.

Азир - даяр, белен.

Азирлеген - даярдаган, азыр кылган, кам-даган.

Азуу сайып - жаны асый болуп (жылкы жөнүндө).

Айдар - көкүл, төбөсүнө койгон чач.

Айкөл - 1) "Ай" жана "көл" деген эки сөздөн куралган татаал сөз. Манастын жарыктыгы айдай, тереңдиги көлдөй деген мааниде колдонулган; 2} Тянь-Шань жактагы жердин аты; 3) чон көл, чалкар көл; 4) кең пейил (баатырдын эпитети).

Ай мунары - айдын нуру, айдын шооласы.

Ай мүйуз - түлөөгө союла турган же союлган уй.

Ай туяк - түлөөгө союла турган же союлган жылкы.

Ак каңкы - кыргыз ээри.

Ак көрпө жайыл - бардык жагынан жетик билерман, меймаидос аял.

Ак күбө - чопкут, ок өтпөс тон.

Ак  таяк - кандардын, бекгердин эшик сакчысы.

Ак учук - баалуу кездеменин  бир түрү.

Ак үйлүү - 1) башы барымтага кармалган бийлөөчү катмардын өкүлү (кармалып жаткэн жерде өз элинин өкүлдүк милдетин да аткарган); 2) (Эпос боюнча) жеңилген элди башкарып турган башка элдин кишиси.

Акыл ийлеп - акылга салып, аркы-беркисин, келер-кетерин ойлонуп.

Ала канчык шыбыргак - кар аралаштыра майдалап жаагаы жаан.

Албан-түркүн - түрдүү-түрдүү, ар түрдүү, ар кыл.

Алеңгир - алек кыла турган.

Алмабаш - Алмамбеттин мылтыгы.

Алман - салык, алым.

Алты сай - алты бөлөк, алты түрдүу.

Алчын - казак элннин бир уруусу.

Андаалап - чачылып, бөлөк-бөлөк болуп.

Анжуу-Манжуу - Чыгыш жактагы жердин аты.

Аңгеме дүкөн курай жур - аңгеме сала жүр.

Аңги - өзүнчө бөлүнгөн, үйрү жок айгыр.

Аңгире - кара жол, түз кеткен жол.

Аңырт - күмөндүү кабар.

Апсуң - сыйкыр, дуба.

Араник - (эпос боюнча) азыркы Намангендин илгерки аты.

Аран ооз - чон ооз, кеңири.

Аргын - элдин бир уруусу.

Аруу - 1) эн таза; 2) өтө сулуу.

Арып-айла, арып-дуба - мнф. бир нерсени башка бир түргө айландырып жиберүүчү дуба.

Асаба - байрак, желек.

Атала баш - оюндун бир түрү.

Атброй - ай-аалам, бүткүл жер жүзү.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.