Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши
Көзкаман жайын сурасаң,
Алты жылы жөө басып,
Алтымыш кылыч байланган,
Алтымыш дөөнү өлтүрүп,
Алышканды жайлаган,
Жети жыл тынбай жөө басып,
Жетимиш кылыч камдаган.
Жеткилең мыктуу жадыгөй,
Жетимиш дөөнү жайлаган.
Көзкаман журттан бир башка,
Жеткен жер менен салышып,
Көнгөн чуңкул көйкашка.
Жазбай атчуу мергенин
Жан-жагына камдады,
Кагышып жатып өлүүгө,
Кайрат байлап турганы.
Он кишиге бир башчы,
Отуз жанга бир жакшы,
Алтымышка бир ыктуу,
Жүз кишиге бир мыктуу
Башчыларын дайындап,
Көкчөкөз менен Көзкаман
Оозунан оту жалындап,
Кабылан Манас, зор Бакай
Кара кыр ашып келгенде,
Көзкамандын кошуна
Айкалыша киргенде,
Айкөлүңдүн кырк кыраан,
Ажыбай, Бакай көк жалдар,
Алмамбет, Чубак арыстандар,
Сыргак менен Сереги,
Ырчуул, Шууту дегени,
Кагышта тийчүү кереги,
Бир жагы болсо, камандар
Булар да, алыша келсе, ыктуулар -
Көп жоонун адисин билген
мыктуулар.
Балбандарга бакырып,
Жаачыларын чакырып,
Желдетке кабар берген соң,
Булар каарданып акырып,
Какандап ураан чакырып,
Көкчөкөз менен Көзкаман -
Каңгайдан келген көйкашка
Белсенишип чабышса,
Булардын пендеден түрү бир башка!
Ай төбөдөн батышты,
Аянбастан атышты.
Күн төбөлөп батышты,
Күнү-түнү атышты.
Айгайлаган барсылдак,
Асман жарган тарсылдак,
Боз мунарык, кызыл чок,
Бозоруп күйгөн, жанган ок.
Көз ирмебей урушту,
Калмак, кыргыз кагышып,
Алыша албай турушту.
Ошол кезде Алмамбет
Сараланын үстүнөн
Аябай каары келди эми;
Топчулугу бир тогуз,
Топчулугун чыгарып,
Бүчүлүгү бир тогуз,
Бүчүлүгүн чыгарып,
Кыйын мылтык, сыр бараң,
Кыргы менен кыргылап,
Кундагынын көчүгүн
Кара ташка ургулап,
Милтесине чок коюп,
"Бир салганда экиден
Сыр бараңдын ичине
Кыдырата от коюп,
Бек тиктешип атышып,
Мээнетти минтип тартышып,
Баягы Алман кабылан
Камандарды барсылдакка алды эми;
Туман уюп, чаң каптап,
Жер көрүнбөй калды эми.
Өткөрө жайчы Көзкаман