Яндекс.Метрика

Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши

Ажалдуу пенде өлбөйбү,

Атаңдын көрү, кырк чоро,

Абийриң кимиң аласың?

Алтын айдар, чок белбоо,

Азиз кандын жалгызы,

Сырттан Манас курбусу,

Кызыл найза желегим,

Кытайдан келген белегим,

Какандан келген кабылан,

Сага, каршы чабар кандай жан?!

Алмамбет мында турасың,

Жадачы* кара калмакка

Айланы кимиң, кыласынң".

Абакең айтып турганча,

Оозун жыйып алганча,

Алтымыштын артыгы,

Кырк чоронун кыйыны,

Теке жоомарт ат минген,

Темирдей көпкөк тон кийген,

Ажалдан кылча тартпаган,

Атышка салса, кайтпаган,

Өлүүгө чапса, сүйүнгөн,

Эр экени билинген,

Сумсайганыя жазбаган,

Сунгандан кайра тартпаган,

Кара болот кыргагы,

Кабарыңда бар бекен

Кабылан Манас Сыргагы.

Арыстан Сыргак баланын

Жан өлчөгүс чамасы,

Айкөлүң экөө уялаш,

Ага-ининин баласы.

Орто бойлуу, кең далы,

Ойрон Сыргак көйкашка

Ойрон салар убагы.

Эр Сыргак Көкчебич оозун

                                             бурду эми;

Бата сурап, кол жайып,

Бакайды карап турду эми.

Мойнуна боз кисесин салынып,

Майданга чаап чыгууга

Баатыр Сыргак камынып,

Оозун жыйып алгыча,

Алмамбет, Бакай, Сыргакка

Бата бере салгыча,

Көкчөкөз чыкты жекеге

Каарданып бакырып,

Оозунан оту чачылып.

"Сырттан кыргыз, эр бурут,

Сенин бүгүн сурагың бүтөр кези

                                                     экен.

Алдыңкы жерге кел, бурут!" -

Деп, ошентип Көкчөкөз

Каарланып качырып,

Кертору оозун бурду эми.

Көк темирден найзасын

Бала Сыргак байкушка

Күркүрөтө сунду эми.

Калмактын каары көрүнүп,

Бала Сыргак эр эмес,

Чиркин, Бакайдын көөнү бөлүнүп,

Бала Сыргак көк жалга

Алмамбет, Бакай, Чубактар

"О мийин" - деп кол жайып,

Жаратканга кыдып зар:

"Он алтыда бала элең,

Ойноо бала, жан элең.

Алдырып ийсең,- жаман ат,

Сенин жаның, бир кудайга аманат!".

Асылдар батасын берип турду эле,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.