Козкамандардын Манастын кырк чоросунан женилиши
Какандын сынчы канына,
Кырк капкалуу шаарына,
Колуна кармап барам - деп,
Кырк аркан бою зынданга,
Алып барып салам - деп,
Кемелине келбеген,
Күч салышкан мен менен
Бала Сыргак көк жалдан
Минтип өчтү алам - деп,
Оолжуп турган Сыргакка,
Алгын жаак айбалта
Ала коюп Көкчөкөз,
Аны менен төрт салды,
Кара болот нар кескен
Эми кабылан Сыргак колго
алды.
Көкчөкөздүн найзасын
Экөөнү катар сындырды.
Кайратына келгенде,
Бу да качырып кулак тундурду.
Жекелешип турушту,
Жолборстой Сыргак күркүрөп,
Эми жер таянбай урушту.
Көк жал Алмаң көйкашка,
Сырттандыгы бир башка,
Сарала санга бир салып,
"Сыргак жан!" - деп үн салып,
Жакындап келип турду эми.
Келгенин Сыргак көрдү эми.
Кайра Сыргак жетти эми;
Көкчөкөздү эр Сыргак
Бели ар жакка бекчейип,
Кабырга сөөгү чекчейип,
Кыйкырып сайып калды эле,
Кыйшайбай койду ал калмак.
Эми чокуга туруп берди эле,
Чоюлуп сайды ал калмак,
Чочубай койду эр Сыргак.
Ошондо Көкчөкөздүн тогуз уул
Көмкөрүлүп жеткени,
Көк жал Алмаң, Сыргакты
Тегеректеп кеткени.
Көк сүлөөсүн бөрк кийген,
Көк жал абаң эр Бакай
Качырып кирип келгени,
Акбалтанын Чубагы,
Айбаты күчтүү чунагы,
Бир жагын түрүп киргени.
Камгак учкан кемедей,
Кайнаган жоону тебелеп,
Манас кандын кырк кыраан
Уйгу-туйгу жүргөнү.
Жылкы кууган эмедей
Уюлгутуп сүргөнү.
Кабылан Манас баатырың
Орто жолго келгенде,
Жарасы кайра тешилип,
Өлүп кетчүү балаага
Өткөрө көк жал кезигип,
Кээ тешилген жеринен
Кара кочкул кан агып,
Кээ тешилген жеринен
Кыжылдаган заар агып,
Чаалыгып, чарчап жаталбай,
Чарадай башты көтөрүп,
Калып калды айкөл шер
Оору болуп жөтөлүп.
Чабышка атты мине албай,
Кырк чоро менен айкөлүң
Чалгындашып жүрө албай,
Азабын тартып Каныкей,
Эч айласын кыла албай,
Сырт жагынан кырк чоро
Аманатын айтыптыр,
Кыйналып турган Манасты
Жетелеп алып Каныкей
Таласты көздөй кайтыптыр.
Жеткен жери калмактык