Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы
Аккулага мингизип,
Аколпок тонду кийгизип,
Ойноп атса, очогор,
Чындаганда чорт келте,
Байкаганда кой чагыр,
Артык курчтан алмабаш,
Алтымыш күнгө бузулбас,
Ыраакы, жуугун ылгабас,
Жандуу мылтык Аккелте
Баатыр Манас мойнунда,
Зулпукор кылыч байланып,
Айкөлүн келе жатат ойдуңда.
Айбалта белде жаркылдап,
Бөлөкбай кылган сыр найза
Такымында балкылдап,
Баатыр касаба тоодой көрүнүп;.
Алмамбет, Чубак, Бакайдын
Көргөндө көөнү бөлүнүп,
Көрүшө албай калчуудай,
Эрлердин көзүнүн жашы төгүлүп,
Атасын көргөн балдардай,
Кырк чоросу чуркурап,
Өлбөй тирүү көргөнгө
Баарысы ыйлап буркурап,
Алмамбет, Бакай арыстандар
Баабедин -деп бат айтып,
Айтуяктан ат айтып.
Көк жал төрөм келди – деп,
Тилекти кудай берди – деп,
Эми үзүлгөн болот уланып,
Кабыланды көргөндө,
Манас кандын кырк баатыр
Тегиз баары кубанып,
Ободон жылдыз жошулуп,
Көк жал шерге кырк чоро
Аман-эсен кошулуп,
Кайран Бакай из кууп,
Жээк менен сыдырып,
Жерге талаа кыдырып,
Мойнокчону ашты эле,
Үч-Аралды басты эле,
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу,
Экөөнөн катар өттү эле,
Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаа,
Андан да ары кетти эле,
Көзкаман көчү чубалып,
Амбал тоону этектеп,
Кутулдук - деп кубанып,
Каңгайга кабар салууга,
Каканчынын канына
Эсен кандын алдына
Сүйүнчүлөп барууга
Жаткан экен камынып,
Амбалдын тоосун жамынып.
Ошол кезде Каныкей
Көңүлү жаман бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Көзү жанып, от болуп,
Ичи өрттөнүп чок болуп,
Токтой албай желигип,
Жеңеңдин ичи өрттөнүп, ээлигип,
Алкан мөңкүп, көз тартып,
Азаптуу белги көрүптүр.
Каңгайдан келген шумурай
Кабыланыма бир азап
Салатко деп жүрүптүр.
Олоңдой болгон кайран чач
Төбөгө кынап түйүптүр.
Ок өтпөгөн бадана
Төртөөнү каптап кийиптир.
Алты ай минсе арыбас,
Алыска, жуукка талыбас
Эр Манастын Аккула,
Байтал бээнин кулуну,
Кара жылкы дулдулу,
Күрүчтөн күрмөк жем берип,
Күндө терин алчу экен,
Арпадан аса жем берип,
Айда терин алчу экен,