Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы
Опсолоң жаман болуптур.
Бүткөн бою солуптур
Карасаң канга бөлөнүп,
Өлүп кетчү немедей,
Ор түбүнө сүйөнүп.
Кыргылчалдын жанында
Азоого чалма салуучу,
Жылкы кармап алуучу,
Сексен кулач кыл аркан
Жандан чечип алды эми,
Ыргытып орго салды эми.
Ор түбүндө Акаяр,
Камбыл тууган Кыргылчал
Тартып, сууруп алды эми.
Ырпы кетип калганын,
Кыргыл байкап көрдү эми.
Кызыл арак, ширий аш
Кыңкайта куюп Кыргылың
Акаярга берди эми.
Өчкөн отун тамызып,
Ордо жаткан Аярдын
Өлүүчү жанын тиргизип,
Кыргылчал карап турганда,
Билген менен туйгаңын,
Уккан менен көргөнүн,
Салым кылып, ал жетпей,
Азапты чогуу тарканын,
Каныкей жеңең эмчегин
Көзкаман жара атканын,
Айласы кетип шашканын,
Аккулага камчы уруп,
Кайран жеңең Каныкей
Манасты ала качканын,
Билгенин айтат Акаяр,
Көз жумулуп солдоюп,
Колтугу кагып араң жан,
Кокустан чыгып зындандан,
Өлүү-тирүү ортосу
Калганын айтат Акаяр.
Угуп алып Кыргылчал,
Жаны калбай демигип,
Кырк чоронун үстүнө
Жете келди теминип,
Таң-тамаша оюнга
Кырк чоро батып жаткан кези экен,
Кырк таман чийип ордону
Атып жаткан кези экен.
Кыйкырык салып Кыргылчал,
Кырк чорону шаштырып,
Так ортосун ордонун
Тебелете бастырып:
"Атаңдын көрү, кырк чоро,
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?
Мен туйганды туйдуңбу?
Кабыландан кабар уктуңбу?
Атаңдын көрү, кырк кыраан,
Касташканың өлтүрүп,
Дарт кумардан чыктыңбы?
Атаңдын көрү, кырк чоро,
Ат семирип ык болдуң,
Келип кондуң Таласка,
Чоро болдуң Жакыптын
Жалгыз уулу Манаска.
Кыжылдаган кырк акмак,
Арак ичпей таш ичкин!
Аздык кылып баратса,
Атаңдын канын кошо ичкин!
Атаңдын көрү, кырк кыраан,
Алактап ордо атасың,
Айкөл Манас баатырдын
Бүгүн балакетин тартасын!
Кыйгачтаган арамдар,
Манасың кайда көрдүңбү?
Сенин Манасың кайда билдиңби?
Кырк чоро, Кең-Колго сайган багың
жок,