Яндекс.Метрика

Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы

Кадыркеч жеңе, эсен бол!

Көп сөз айтып Акаяр,

Көк жалды Каныкейге берген жер.

Кыл муруту шыйпайып,

Кыйналып төрөң турган жер.

Караса, көзү көрө албай,

Кээде тилге келе алса,

Баатырың, кээде тилге келе

                                            албай,

Ашып-шашып Каныкей

Айкөлдүкармап, кабыштап,

Алганда туура өңөрүп,

Аккаңкыга табыштап,

Астында тулпар Аккула -

Этине келген бууданды

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Он-тетири теминип,

Акылдан артык шашты эми,

Алапайын табалбай,

Беш-Таштын башы Бек-Жайлоо,

Бек-Жайлоо көздөй качты эми.

Качып чыга бериште

Көкчөкөз менен Көзкаман

Жамгыр кылып жаа тартып,

Мөндүр кылып ок атты,

Он эки дүрмөт очогор

Ойрон жеңең Канышты

Он эки катар дагы атты.

Ок келгенде шор катып,

Эмчегин жара бир атып,

Зыркырап, какшап турган кез,

Жеңеңдин жүрөгүнүн толтосу,

Кабыландын түрүн карасаң,

Өлүк-тирик ортосу.

Кетип барат Каныкей,

Булчуңун окко булдуруп,

Арыстанды алып качкаңда

Көзкамандын огуна

Эмчек этин жулдуруп,

Боз алалуу туу болуп,

Бой-башынын баарысы

Бучкактан аккан суу болуп,

Жер бөлүнүп, чаң болуп,

Кайран жеңең Каныкей

Чаначтай кызыл кан болуп,

Өлбөгөн жерде калышып,

Калмактан келген каракчы -

Көркоолор менен салышып,

Алкымга каптап чаң жетип,

Арыстанын туура өңөрүп,

Кан түгөнүп, ал кетип,

Кең дүйнө жанга ,тар болуп,

Шекерден таттуу шилекей

Бир жутууга зар болуп,

Ак кардуу тоого качканда,

Жети күн тоону аралап,

Жеткилең болду жарадар;

Тогуз күн майдан аралап,

Толтура болду жарадар.

"Манасты таштап жиберсем,

Түбүмө чогуу жетет,-деп,

Башын кесип байланып,

Какандын Эсен канына

Белек кылып кетет" - деп,

Намысы кайнап тырышты;

Акаяр экөө биригип,

Ууланып төрө турганда,

Аянбай күн-түн урушту

Ак жоолук башын туу кылды,

Аял башын эр кылды,

Арыстанды алды куткарып,

Мындай эрдик ким кылды!!!

Каныкей акылдан кетип, шашыптыр,

Кайыпчынын тоосун көздөй

                                             качыптыр.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.