Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы
Манасты соёр ошол түн
Уйкудан чоочуп ойгонуп,
Оң жагына толгонуп,
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Аккуланы токунуп,
Ээрге ныктай олтуруп,
Карагаттай көзүнөн
Камчы бою жаш кетип,
Бөдөнө сындуу көзүнөн,
Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Кабыланым кандай күндө - деп,
Ойлосо, ою бөлүнүп,
(Кайран жеңең Каныштын
Кайратын аз деп болжобо)
Кирип келди сабаалап
Көзкамандын ордого.
Ордого жакын келгенде,
Жеңекең байкап көргөндө,
Көзкамандын Кээ балбан
Катынын кара баскансып,
Куугуну жакын качкансып,
Кээ балбанын караса,
Куугунун азыр куугансып,
Катыны эркек туугансып,
Он башчысы ороктоп,
Көкчөкөздүн ордодон
Найза, кылыч короктоп,
Абайлап карап олтурса,
Азыраак чыгат бакырык.
Айбалта доошу дүпүлдөп,
Анда-мында үн чыгат;
Манастап ураан чакырып,
Урчу кудай ошондо
Уруп салган кези эле.
Кабылан Манас сумсайып,
Кыл муруту шыйпайып,
Куруп калган кез эле.
Каарданып Акаяр,
Камдык ойлоп кенебей,
(Эрдик-шердик бул эрге
Бүткөн экен ченебей)
Кайрат жайнап күчөнүп,
Ала тоодой Манасты
Артык балбан Акаяр
Жаш баладай көтөрүп,
Коргошундай айкөлдү
Койбой чуркап көтөрүп,
Көзүнө илбей каманды,
Эр экени билинип,
Баатыр Манас даңкайып,
Көзкамандын эшикке
Туурасынан илинип,
Теңиз Манас Акаярдын жонунда
Тебетейдей дыркырап,
Көзкамандын ордосу
Керегеси быркырап,
Баатыр Манас көөдөнү
Акаярдын колунда
Өлгөн жандай көрүнөт.
Аны көрүп, Каныштын
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Аккула санга бир салып,
Алдыңкы топ калмакка
Аралап кирип, кол салып,
Маңдайлаша келгенди
Балта менен сойлотуп,
Кыр жагынан келгенди
Кылыч менен ойнотуп,
Алек болуп салышып,
Калайман түшүп калышып,
Кагыш кылып турганда,
Ажыбай, Бакай каны жок,
Кырк чоронун баары жок,
Алмамбет, Чубак теңиз жок,
Серек, Сыргак эгиз жок.
Көзкаман менен Көкчөкөз
Катарлап атат калың ок!
Бул Каныкей бейбакка
Ок зардеби көп тийип,
Башы челек кан болуп,
Эрбеңдеген эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Кадимкидей нан болуп,