Манас баатырдын Каныкейге уйлонушу
Төрөм, асти бир ишиң оң
болбойт"
Билимдүү Чубак муну айтты,
Билгенин кургур куп айтты.
Абакеси Бакайды
Алдыртан карап кылайып,
Каныкей атын укканда,
Төрөң мурутунан жылмайып,
Тегеле жалгыз сөз айтпай,
Ээрдин башын каккылап,
Турган экен мулуюп
Эр Чубак мындай дегенде,
Акырын айтып, бек таштап,
Эми абаңыз Бакай кеп баштайт:
"Жыл айлантпай Букарга
Куда болуп баралы,
Жетик тууган Канышка
Барып сөйкө салалы.
Чатакташып, чырдашпай,
Каада менен алалы.
Эмесе, кайрылып мында турбайлы:
Кабарсыз Жакып калабы?".
Деп, ошентип зор Бакай,
Билбегенди билгизип,
Билип, жолго киргизип,
Манастын байкап кабагын,
Айткан сөзүн карагын.
* * *
Күүгүм кирип, күн батты,
Элдин алды ным жатты.
Муну мындай таштайлы,
Баягы калган Каныштын
Кабарынан баштайлы.
"Кантер экен Чубак" - деп,
"Мени келген белем сынап" - деп
Артык тууган Каныкей
Атынын оозун жыйды эми,
Жаштыгы да курусун,
Арыстан Манас баатырды
Каныш алыстан карап турду эми,
"Көрүнсөм чеки болор, - деп, -
Жолумдан тосуп келди, - деп, -
Жаман атты кылар, - деп, -
Байкаса, уят болор, - деп, -
Каныкей кайдан оңор, - деп, -
Жериме келди, кетпес, - деп, -
Жергеме барбай өтпөс, - деп, -
Калкыма келди мени издеп,
Эми намысым колдон кетпес, -
деп, -
Турганым мында болбос, - деп -
Манастыгы чын болсо,
Темиркандын сарайга
Бир айланбай койбос" - деп,
Мына ушуну ойлоп бек,
Кара кашка аргымак,
Каныкей аргымак оозун бурду эми,
Атына сылай камчы уруп,
Күүгүм кирип, күн бата,
Кайра кең Букар көздөй жүрдү
эми...
* * *
Күндөн-күндөн күн өтүп,
Күптүүнү жазар чак жетип,