Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Кыргыздын кыйын кишисин,

Кыйпыңдайсың бейбак" - деп,

Кыздын баары кысылды,

Тер боюна сызылды.

Кырка турган көп колдо

Кыздарга кызмат көп болду.

Кыз уялып карабай,

Караганга жарабай,

Эстери чыгып элдиреп,

Эмгекке кандай келдик деп,

Карадык кыргыз калкын деп, Баарысынын билбейбиз,

Ким экенин атын деп,

Аядил айтып салыптыр

Астынкы тандоо бизге эмес,

Акылайдын жолу деп.

Шооруктун кызы Акылай,

Шоодураган капырай,

Короз моюн, аппак эт,

Койкоңдогон кара бет,

Карагат көздүү, кардай эт" Кашкаңдаган кара бет:

"Болгон бизге керим, - деп, -

Болсун Манас эрим" - деп,

Кыздардан чыгып бөлүнүп,

Кыргоолдой мойну көрүнүп,

Сунала басып суйкайып,

Суу чыбыктай буралып,

Сырттан эрге бет алып,

Манасты башта көргөндөй,

Барып келип көнгөндөй,

Баатырдын барды кашына,

Кыздан чыккан Акылай

Конду дөөлөт башына.

"Карап көрсөң теги, - деп, -

Келди мунун эби, - деп, -

Акылай мурда каалады,

Артыкпызбы андан" - деп,

Алиги турган отуз кыз

Бирден-бирден кармады.

Карап турган көпчүлүк

Каткырыгы баш жарып,

Катуу күлүп калышып,

"Мыктысып туруп алдың, - деп,

Кыйын да болсоң, бу сапар,

Кыздан куру калдың"-деп,

Шылдыңдашып калышып,

"Кыз тийбеген алсын,- деп,

Кырк төөдөгү алтынды"

Кыргыздарга бөлүшүп,

Кыраан Манас кошууну

Кызыкты мындай көрүшүп,

Арыстан Манас баатырың

Акылай сулуу алганы.

Кыз жактырган чоронун

Калды бекен арманы?

Арыстан Манас баатырың

Мүдөөнө жетти акыры.

Ар тарапка бет алып,

Алтымыш киши чаптырды,

Кошуундагы кыргыздын

Баары мында келсин деп,

Самбылага чакырды.

Бир жумадан, бир жума,

Ат, кунанды чаптырып,

Таажик менен тарсаны

Текши баарын чакырып,

Той өткөрүп көп күнү

Кыйындын баарын жыйдырып,

Балбан сайыш, көкбөрү,

Бар өнөрүн кылдырып,

Отуз күн оюн салышты,

''Такка Шоорук олтурду,

Бир ай деген отуз күн

Кызыкты кыргыз толтурду.

Кызын алып жарашып,

Болжолдуу кырк күн өткөн соң,

Кыгыздын баары тарашып,

Калк аралап мынчалык

Кабылан Манас баатыры

Анжыянга бет алып,

Ал жөнөдү акыры.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.