Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши
Көзү кара коюлган,
Көргөндүн көөнү тоюнган,
Ар мүнөзү бир башка
Ак тасмадай чоюлган..
Тиши актаган күрүчтөй,
Он шоошагы, сыпаты
Зымга тарткан күмүштөй.
Ачык кабак, жатык сөз,
Кобул мурун, марал көз,
Алма моюн, түймө баш,
Кепичинин такасы -
Жаркыраган жакут таш.
Шоорук шондо кеп айтып,
"Акылай, балам! - деп айтып, -
Башында, балам, "кой!" дедиң
Байкабай туруп, "жок" дедим.
"Урушпа, ата, кой!" - дедиң,
Угуп туруп, "жок" дедим.
Тилиңди, балам, албадым, -
Тигилди капка арманым.
Тим кетти, балам, дарманым.
Жаным тирүү калса деп,
Тиледим да, зарладым.
Нуркталып калган эл экен,
Ушу күндө бу кыргыз
Урушка туулган неме экен.
Түптөлүп калган эл экен,
Түк качпаган өлүмдөн
Дүмөккө туулган эме экен.
Башы Кумул, Бээжинде,
Аяк жагы төмөнкү
Арал көлдүн жээгинде.
Кыямы жатыр төмөнкү
Кабылыстан жеринде.
Алсаң балам кебимди,
Тартуу кылып барам деп,
Таап турам эбиңди.
Ат уясы сатуу деп,
Кыйырдан угуп жүргөмүн,
Кыз уясы тартуу деп.
Айтканда тилим алсаң, дейм,
Атакеңди өлүмдөн
Ажыратып калсаң, дейм.
Каалаган атың миниңиз,
Кайышканым билиңиз,
Тандаган тонуң кийиңиз,
Табытта турам, билиңиз.
Тартуу тартып багынып,
Жан аргасын кылбасак,
Аман калбас бирибиз!".
Деп айтты Шоорук кызына,
Кыз сүйлөдү тышына:
"Өкүнбө өткөн ишиңе,
Өкүнүчтүү ажал келгендир
Өлгөн далай кишиңе.
Тандоо менен ат минип,
Талап менен тон кийип,
Байытат белем кыргызды.
Башында сизди тийгизип,
Бар ишти куда й кылгызды.
Байкабастан катылып,
Башында сизди тер кысты.
Так өзүмдү апарып,
Тартуу кылса канына,
Болор элем көп себеп
Далай элдин жанына".
Акылай мындай деген соң
Шооруктун жаны жай алып,
Кымбат баа буюму
Кызыл кымкап зер алып,
Сегизинчи күнүндө
Кырк бир кызыл нар менен,
Кыйла сонун шаң менен,
Чабындыдан кутулган
Алты жүздөй мал менен,
Отуз бир сулуу кыз менен,
Нан көтөрүп, туз менен
Астына барды каныңыз.
Бакчага тигип көк чатыр,
Жаңыдан келип Манаска,
Бабылга барган көй баатыр
Бабырашып олтурган,
Жайын айтып уруштун,
Жабырашып олтурган.