Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши
Үшүнтүп турган кезекте
Узун сакал, саз өңдүү
Устуканы кашаадай,
Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында,
(Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашына).
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда,
Жаш төгүлүп койнуна,
"Болдум душман сизге, - деп,
Каар салдың бизге, - деп,
Арыстан .Манас баламсың,
Ата жолун изде, - деп,
Кылар болсоң тез кылгын,
Эртерээк ишиң иште,-деп.
Тартып келдим кызымды,
Жалынып жаным сурайын,
Жалпы журтум кысылды.
Жан билбеген сырымды,
Салдым сага чырымды.
Жайыңды билбей катылып,
Далай журтум кырылды.
Өзүң билгин, эр Манас,
Ырайым бизге кыларды.
Өчөшсөм билдим өзүм да
Өмгөктөтүп кырарды.
Боздоторсуң элимди,
Бошоторсуң жеримди.
Салсаң бизге каарынды,
Талкаларсың шаарымды,
Жоготорсуң барымды,
Жок кыларсың карымды,
Жол кыларсың шаарымды.
Алакандай Самбыла,
Азыр да аман калган жок,
Арыстандын бирисиң,
Айтканыңда жалган жок.
Чабамын деп камындым,
Кошуун алып үч жүз миң,
Алайыңа жабылдым.
Алдырып коюп өзүңө,
Жан соога деп сабылдым.
Арзан деп барып тием деп,
Арыстанга катылып,
Акылымдан жаңылдым.
Мурун бардым урушка,
Урушпай, ушалансамчы,
Отуз төрт күнү камалдым
Мыргаптын башы бурушка.
Күн чыгыш жагы Мыргаптын
Кубандын коосун өрдөдүм,
Ардыгым ала тоодон чоң
Ажалы жоктон өлбөдүм,
Акыр аргам кеткенден
Акылай балам баш кылып,
Алып тартуу жөнөдүм".
Айтты Шоорук мүдөөсүн,
Арыстан Манас баатырдын
Адам билбес мүнөзүн.
Кылая багып күлбөгөн,
Күлгөндүн сырын билбеген,
Күңгүрөнө сүйлөгөн,
Күлпөңү* арткан дүйнөдөн.
Каалгадай кашка тиш -
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып алыптыр,
Абакеси Бакайга
Арыстан эр сөзүн салыптыр:
"Абаке, бу сөз кандай?"-деп,
Арсаңдап күлүп калыптыр.
"Өзүңүзгө сыйынып,
Өтүнүп келген жан экен.
Айтканын азыр кылыңыз,
Не мудөөсү бар экен?".
Ал сөздү айтып салганы,
Орчун кыйын көпчүлүк
"Оң сөз" - дешип калганы.
"Ордоңузга киргин"-деп,
Оболунда Шооруктун
Өзүн баштап барганы.