Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши
Ардалык аяр баш болуп,
Аякты көздөй кыдырган.
Чаганы деген бел ашып,
Таз-Кыйыр деген жер басып,
Аяр Ырдык, Чүкүрүк
Он тогуз миң кол менен
Олор барсын жол менен.
Кара-Тегин тоо менен,
Капчыгай терең коо менен,
Бош алган атын алышып,
Болжолдоп жолго салышып,
Бара турсун ушулар,
Шоорук кандын артынан
Жүз миң кошуун кол менен
Жүргөн баатыр Манас бар.
Эки күн, бир түн качыптыр,
Энтелеп жаман шашыптыр.
Шоорук барды жерине,
Аныктап кабар сала албай,
Өз караган элине.
Кылчайбай кыргыз калкына,
Үркүп качып кетүүгө
Бадакшан, Маймун,Балыкка
Башын катып калыкка,
Самбыла шаар, Таш-Котон,
Үмүтүн үзүп ошондон,
Уруштан качып бошонгон,
Тагырмадан көчүүгө
Бадакшан, Балык, Маймунга
Барып кирип кетүүгө,
Чөлү түбү багыты,
Башкы журту Шооруктун
Тарса, Калча, Маңгыты
Барган жерден дарбытты.
"Түбүң түшкөн кыргыз, - деп, -
Түк ырайым кылгыс, - деп, -
Калың кыргыз эл келет,
Киши экен,-деп, - ойлобо,
Аккан дайра сел келет.
Бири миңден коркпогон
Баатырды көрүп келдим,- деп, -
Баш кесүүдөн сезбеген
Капырды көрүп келдим деп, -
Караанын көрсөң өлөсүң,
Кача көргүн элим"-деп,
Кууган Манас баатырдан
Куруп калган Шоорук кан
Жарым күн мурун барыптыр,
Жар чакыртып туш-тушка,
Калкына кабар салыптыр.
Ую, төөсүн айдашып,
Убарага калыптыр.
Качыр менен эшегин
Кайда деп жоктоп эсебин,
Узун куйрук кою бар,
Эки-үч күндө келер деп,
Камданып качар ою бар.
Таң атканда Шоорук кан
Калкы үркүп дооруккан
Ордосуна барыптыр,
Ойбоюк айтып салыптыр.
Шашкеге калбай эр Манас
Шатырап кирип барыптыр.
Кырдагысы кызыл уук,
Козголо элек кезинде
Кыйкырып кыргыз келди жуук.
Байлаган бойдон мал калды,
Баштыкта бойдон дан калды.
Базардаш тооктой
Байпаңдаган чал калды.
Добул согуп дүнгүрлөп,
Жер көчкөндөй күңгүрлөп,
Ак асаба кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу,
Көк асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу.
Барып калган артынан
Көңкү кыргыз колу ушул...
"Агарып суусу аз болгон,
Айласыз жерим таш болгон.
Ар түрдүү журттан баш болгон,
Маңгыт менен Калча бар,
Башка уруудан канча бар.
Тагырмалык тарса бар,