Манастын Олуят чалды буктогону
Же чогулушкан эл эмес,
Чоңдугун өлчөп караса,
Эр Манастан кем эмес.
Селдеси бар башында,
Сегиз молдо кашында,,
Ууру кылып мал тапкан
Уяты жок азыр да.
Канчаны уруп кыйнаган;
Канчалар малын алдырып,
Каруусу жетпей ыйлаган...
Арыстаның карап турганы,
Ошо чалга айран калганы.
Абасы Бакай, Кыргылы,
Төлгөчү кара Төлөгү,
Төрт киши болуп эр Манас
Ошол коргонду көздөй жөнөдү.
Бетеге белден былкылдап,
Аркасынан баатырлар
Санжап* менен кылкылдап,
Темирдүү найза жылтылдап,
Буудандары булкунуп,
Жоо көрсөк деп уландар,
Бук болушуп жулкунуп,
Кылычты колго алышып,
Сырты менен бир-бирин
Маш ойношуп чабышып,
Найза менен сайышып,
Найза чукул келгенде,
Тийгизбестен кагышып,
Топ-топ болуп жарышып,
Бөлүнүшүп эки жак,
Ойноп келет салышып.
Барган сайын закымдап,
Асаба туусу калкылдап,
Алиги көргөн чоң чалга
Баатырың жетти жакындап.
Караанын көрүп Манастын
Олуят чал баш болуп,
Көзү толгон жаш болуп,
Бир-бири менен коштошуп,
Молдо, кожо, эшендер, -
Баары чогуу боздошуп,
Олуят чал карады,
Кайдан чыккан задгар деп,
Келгендерди сынады.
Боз жорго экен мингени,
Боз чепкен экен кийгени.
Бер өлүмдөн башканы
Өз ою менен билгени.
Ушинтип, Бакайды көрүп сынады,
Байкуш чал жаман ыйлады.
Бакайды таштап жөнөдү.
Эми Олуят сынап турганы,
Төлгөчү кара Төлөгү
(Төлөк жанда турганда,
Төрөсү бекер өлөбү!)
Төлгө тартса, төп келет,
Башы тогуз төрт келет.
Эр Манасты караса,
Тоодой жалын өрт келет.
Манасты көрө салганда,
Мууну кетти кылт этип,
Жыгылып. кетти шылк этип,
Жатып калды тырп этип.
Чагарак куйрук чаар нар
Жандай коюп чамынат,
Жоо көрсөм деп сагынып.
Ал-аңгыча баарысы
Манасты тосуп чыкты камынып.
Кара жандан түңүлүп,
Кабыланды көргөндө,
Олуят оңко-чоңко жүгүнүп,
Астынан чыкты жүгүрүп.
Сүкүт* тарткан эшени,
Сүлкүлдөгөн ыймамы,
Колунан түшүп калыптыр
Окуп турган кураны.
Чукул келип эр Манас,
"Силер кимсиңер?" - деп, сурады.
"Олуят ким, каның ким?
Олуят деген чалың ким?
Оттоп жаткан мал кайсы?
Өткөн менен кеткенди,
Канап-бутап жоготкон
Кара жемсөө кан кайсы?