Манастын атасына таарынып кетип, аштык айдаганы
Кабыргалаш турчуу элек,
Кара кытай эл кайда, Манас!
Кармап сойду ээмди,
Чыгардың капкайдагы кээмди.
Кетирдиң жаман алымды,
Алтайдан күткөм сан кара,
Манас, сен талаага чачтын
малымды.
Байгеге сайдың малымды,
Кетирдиң менин алымды,
Кош колдоп чачтың талаага,
Куу балам, колумдагы барымды!
Бошоттуң менин шайымды,
Бакырга кармап союпсуң,
Кирди кол менен кармагыс
Ыймандуу жакшы малымды.
Калың малдан айрылып,
Өлгөнү келген экемин,
Бул Манастын кордугун
Көргөнү келген экемин.
Түгөттүң түптүз күлкүмдү,
Сарп кылып жоготтуң,
Сен, Манас, сан казына мүлкүмдү.
Ушубу сенин кылганың,
Атаңды сыйлап турганың?!
Атаганат куу дүйнө,
Талатып Манас ар кимге,
Талаага кетти жыйганым!".
Муну уккан соң Манастын
Кежири чогуу кармады,
Кеп сүйлөбөй, тил катпай,
Кабыландын ызгаары
Бетине чыга калганы,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш
Бөлө-бөлө чайнады:
„Мал күндүү Жакып атама
Багжаңдашып нетейин,
Колуна малын карматып,
Эми мен башка жакка кетейин!
Дүнүйө күндүү Жакыпка
Түр салышып нетейин;
Дүнүйө малын жеп койсом,
Башка жакка кетейин,
Кара ниет атама
Кажылдашып нетейин;
Канчалык малын жеп койсом,
Калк кыдырып кетейин.
"Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып чыкпасам,
Бийлеп турган жеримди
Беш айланып чыкпасам,
Манас болбой өлөйүн!
Саксаңдашып урушуп,
Салмакташып тургуча,
Туулбай туна чөгөйүн!
Тирүү жүрбөй дүйнөдөн
Бар кайратым чачайын,
Атанын каарын укканча,
Он сегиз миң ааламды
Жер кыдырып басайын
Желпиниш Жет-Кайт - жер
түбү,
Жети айлана кыдырып,
Ой-тоосун койбой сыдырып,
Бел байлаган бел карап,
Белгилүү мыкты жер карап,
Катарлаш болор өзүмө,
Карааны тоодой эр карап,