Манастын атасына таарынып кетип, аштык айдаганы
Телегейи тегизди
Эртелеп издеп тапсам бейм,
Өзүмө теңтуш эгизди!".
Манас бир кишиге билинбей,
Бир адамга көрүнбөй,
Купуя түндө камынып,
"Бет алган жактан жол бер" -
деп,
Жаратканга жалынып,
"Оо, кудурет, кантейин!
Он эки мүчө тең кылдың,
Малымды чачып койдуң деп,
Атама мынча кем кылдың!", -
Деп ушинтип баатырың,
Күңгүрөнүп күүлөнүп,
Кара ниет Жакыпка,
Өз ичинен сүйлөнүп,
Коңгураган көк жалың,
Кара-Буура, Чаткалда
Калк оор уйкуда жатканда,
Каарданып, таптанып,
Капалуу кылып атасы,
Таластан чыкты аттанып.
Беш-Таштын башы Бек-Жайлоо,
Бек-Жайлоону ашты эми,
Ар жагында Анжыян,
Анжыянды басты эми,
Анжыяндын Боз-Талаа,
Боз-Талаага кирди эми.
Бир ак сакалчан абышка
Бет алдынан келди эми.
Абышка туруп муну айтат,
Аңгемени көп айтат:
"Беренимсиң, белимсиң,
Пендеден артык туулган
Берен көк жал шеримсиң!
Атыңдын оозун бура тур,
Алдыңкы жерге тура тур.
Кечээ Лоптун суусун бойлогон
Орозду эле чоң атаң,
Ага бет алган душман сойлогон,
Кылымга кеткен атагы.
Кытайдын четин четтеген,
Кызыгышкан душманды
Кыйратып атаң өрттөгөн.
"Атаң Ороздун көзү барында
Ала-Тоону жайлаткан,
Эренсиген мыктыга,
Найзакерден ыктууга,
Эшигинин алдында
Жүздөн тулпар байлаткан.
Бет алыша келгенде,
Душмандын шорун кайнаткан.
Орозду акең барында,
Басташкан жоодон качпаган;
Ушу кыргыз журтуңду
Ата болуп сактаган.
Орозду аман турганда,
Алышкан душман жадаган.
Атаң өлүп, баш кетип,
Андаалап журту тараган.
Алтайда энең тууганда,
Киндик каның төгүлдү.
Азыр менин өзүмө
Сенин шердик түрүң көрүндү.
Тилиңди алган адамды
Тилге салып айдайсың.
Тил албаса душманды
Тигинен салып жайлайсың.
"Токсон тоонун урчукка
Бел экенсиң, кулунум.
Орозду атаң көк жалдан
Артына калган бир тукум
Сен экенсиң, кулунум.
Сенде калк жайлаган тоо да көп,
Өпкө жарып, өт алчуу
Аңдыша турган жоо да көп.