Манастын Олуят чалды буктогону
Канча молдо, канча эшен
Жолоочу жолдон жүргүзбөй,
Кербенди базар киргизбей,
Кедейге жылкы мингизбей,
Малдуусунан мал алып,
Нандуусунан нан алып,
Ополдун тоосун тайыпсың,
Оюң менен бу жерде
Арам малга байыпсың!
Жөө-жаланды урупсуң,
Жөөлөп-тепсеп турупсуң.
Өткөн менен кеткенди
Жолун тосуп куруттуң,
Атын тартып минипсиң,
Тонун сыйрып кийипсиң.
Анык шайтан өзүңсүң,
Алиге аман жүрүпсүң!"
Каарын Манас салды эми,
Ач албарсты кынынан
Арыстаның сууруп алды эми.
"Олуя болсон жутчу!" - деп,
Олуятты ошондо
Баштан ары салды эми.
Башы түштү дүп этип,
Чачы кетти үрп этип,
Жаны чыкты бүлк этип,
Алтымыш алты калпалар
(Калпа кимди калкалар?).
Казасы жетсе Манастан,
Калпанын башын талкалар,
Ууру, молдо, ушакчы
Жолго тарткан тузакты.
Жобураган молдолор
Жок жерден айтып шарыят,
Киши көрсө жорголор,
Эшендин башын эптеди,
Эми молдого ажал жеткени.
Молдо менен кожону
Боздотуп урду ошону.
Баарын союп кыйратып,
Уй кайтарган уйчуга,
Кой кайтарган койчуга,
Малдын баарын айдатып,
Топ-топ кылып жайнатып,
Чогулган малды көрүшүп,
Чоролор жете келгенче,
Төлгөчү Төлөк, эр Бакай
Жылкычы менен койчуга
Жалпы берди бөлүшүп.
Бечералар дуулдап,
Манаска батасын берип чуулдап,
Манас Ополдун тоосун түптөдү,
Олуят чалын өлтүрүп,
Көргөндүн сеси кайтсын деп,
Көк букага жүктөдү.
Жүрүп кетти эр Манас,
Кожонун баарын боздотуп,
Жылкычы болгон жигитке
Бирден жулкунган күлүк коштотуп.
Баатырың келет жер чардап,
Эрөөлгө* чыгар эр тандап,
Керме-Тоо бойлоп көрдүм деп,
Конушум таап кондум деп,
Мына ушуга дем байлап,
Кыйкырып жоого тийишкен,
Кыйышпай сапар жүрүшкөн,
Кыны жок кылыч тагынган,
Кыраандарга бел байлап.