Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Кабылан Манас баатырга

Качып келген аркадан.

Сырттан Сыргак, Сереги

Сырттан Манас баатырга

Кысылса тийген кереги.

Кош баштаган Ыбышы,

Козголбойт ар кез кылышы,

Алымдын уулу Алакен,

Манжурия калмактан

Манжуусуна бек койгон

Баатырдан канча бар экен.

Караңгыда кол жүрсө,

Калкылдап ыраак жол жүрсө,

Карсактын изин жаңылбас

Кадыр, Жайнак, Шууту –

Калктан чыккан куусу.

Түн ичинде кол жүрсө,

Түмөн кыргыз жол жүрсө,

Түлкүнүн изин жаңылбас,

Түмөн, Жайнак, Шууту –

Түмөндөн чыккан куусу.

Казактардын жоорунчу,

Кайгыл, Бөгөөл, Тоорулчу,

Шыңгынын уулу Кербени,

Шыпты кашка Дөрбөнү,

Бөрү жалдуу Бөгөлү,

Жоону алыстан көрөрү.

Ыраман уулу ыктуусу,

Эр Тазбаймат мыктуусу,

Казат десе камданып,

Кашкая жоого чыкчуусу.

Акбалтанын Чубагы,

Арыстандын бири бу дагы.

Кырктын башы Кыргылы

Кылымды жеңген дыңгылы.

Наабаттардын Калдары,

Ушу бүгүн жыйылган

Атпай кыргыз балдары.

Баатыр Манас кеп айтат:

"Кеңешиме келгениң

Кенен уккун,- деп айтат. –

Атамдан калган жер үчүн.

Аттанганы турамын.

Акылмандын баарынан

Бабаңардын жоругун

Баштан-аяк сурадым.

Калмакка каар салбасам,

Кара жаным тынчыбас,

Анжыянда Алооке

Калаасын бузуп албасам!

Атамдан калган жер экен,

Намысты кыргыз санайбы,

Ынтызар болдум алууга

Ыспара мекен Алайды.

Көрбөгөндү көрүпсүң,

Көрүнөө көбүң өлүпсүң.

Алдырып коюп калмакка

Намысың жоктон жүрүпсүң.

Чапкан балта өтөбү

Чакырлоонун* ташына,

Нелер келип, не кетпейт

Эр жигиттин башына.

"Өлүм жагын ойлонбо,

Өмүр тиле башыңа.

Өмүр берсе жашыңа,

Кеткен душман дос болуп,

Кайра келер кашыңа.

Көңкү калмак элин көр,

Көптүгүнө ишенген,

Абайлап жүрсөң бул күндө,

Аягын чыгар кишенден.

Арбак урган калмактар,

Арбынмын деп ишенген,

Зарыкпай аяк чечишип,

Саныңды чыгар кишенден.

"Конгон жерден көчкүн"деп,

"Бачымыраак кеткин"деп,

"Же кол куушуруп, бел бүгүп,

Кашыма менин жеткин"- деп

Алооке элчи жиберди.

Журтум, буга не дейсиң?

Оболтон журтум билесиң,

Алоокенин кордугун,

Көтөрөм кантип мен өзүм

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.