Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Аны кыргызга кылган зордугун.

Күүлөнсе, күчүн көрөйүн,

Күнүм бүтсө, өлөйүн.

Жүр, жүргө салып көчүрүп,

Жүдөтпөсүн майдасын,

Ата уулулар, малдуулар,

Алайга барып жайласын!*.

Кабыланың кепти салганы,

Көңкү журт уюп калганы...

Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө

(Айбаты журттан бөлөкчө)

Ордунан туруп кеп баштап,

"Ой, калайык! - деп баштап,

Биринчиси жер пайда,

Билим керек мындайда.

Экинчиси эл пайда,

Эмгек кылып баш байлап,

Эл табуучу эр кайда?

Казак, кыргыз чачылып,

Качанга жүрөт ар жайда?

Эсирген экен Алооке

Ээсин жерден көчкүн деп,

Кашына барсак канетет,

"Кай жерден көчүп сен келсең,

Алооке, кайрылып турбай кеткин" -

                                                          деп?

Көкчө мындай деген соң

Көпчүлүк камын жеген соң,

Маакул көрдү баарысы -

Жашы менен карысы.

Ошондо Манас баатырың,

Асемин элден арттырды,

Алтын ооз кернейди

Арылдата тарттырды,

Алтын кээжим абайын*

Аргымакка жаптырды.

Коколору көнөктөй

Коңгуроолуу кара нар –

Колго күчү барабар.

Козголгондо төрөңдүн,

Салтанатын караңар.

Кайратын көрсөң – кара тоо,

Катылган пенде калбайт соо.

Айбатын көрсөң – Ала-Тоо,

Асылган калбайт аман-соо.

Болжолуна караса, –

Болот өтпөс кара таш.

Күрсү тийсе оюлгус

Туюк сөөк, чулу баш.

Аз кийгеним дегени 

Атан төөнүн жүгү бар.

Адам уулу тик бакпас

Ажыдаардын түрү бар.

Ызгаарлуу айткан сөзү бар,

Шыркыраган ширенди

Кызыл жалын көзү бар.

Жүзүнүн каары жайылып,

Күркүрөшү күн болул,

Күндүз күнү түн болуп,

Бетинен чыккан каары

Беш байпактык жүн болуп,

Арыстаның жөнөп калганы.

*  *  *

Аларды таштап салыңар,

Алооке деген каны бар,

Андан кабар алыңар.

Черүүнү чексиз алыптыр,

Беленденип калыптыр.

Туура жагы Коконду,

Жалпы журтун которду.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.