Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Аяк жагы Маргалаң,

Асты койбой кол жыйьш,

Атка токтоор калбаган.

Чоң Анжиян, Созогу,

Чогулткан экен ошону.

Көк-Арт суунун бою шаар,

Үйдүн үстү үй болгон,

Үйгө жери карк толгон;

Там үстүнө там болгон,

Талаасында чоло жок,

Кайнап калың калк толгон.

Каптал тоонун баарынан

Кара кытай кайнаган.

Оюнда бар Самаркан,

Ошондон бар канча жан.

Кожонт менен Тузу бар,

Колго келген ушулар.

Кайнап жатыр калмагы,

Катуу душман келди деп,

Калкына кабар салганы.

Карк алтын туусун көтөрүп,

Кан Алооке аштады.

Котолотуп кол жыйып,

Мээнетти минтип баштады.

Баатыр менен балбанды,

Баарын жыйып алганы.

Баягы бурут деп ойлоп,

Баштап турат шумдукту,

Балакетти салганы.

*  *  *

Аттанды Манас шоодурап,

"Алоокеси кайда?" - деп,

Адамдардан жол сурап,

Ойротту жеңген көй* баатыр.

Улуу суунун боюнда

Уюган кошуун кол жатыр.

Кытайдын колу кыжылдайт,

Кара калмак, маңгулу

Кара курттай быжылдайт.

Манас аралап жолго салыптыр.

Айбатын көргөн адамдар,

Айран болуп калыптыр.

Саадагы өгүз белиндей,

Астындагы сай* тулпар,

Басканы Сырттын желиндей.

Көрүп турган калмагы

"Көпсүнбөйлүк буга" - деп,

Көңүлү чоочуп калганы.

"Манасы барбы  мында?" - деп,

"Албарс кылыч кында"' - деп,

"Баарысы бирдей жолборспу?

Манасыңар бул болсо,

Жарашкан экен жолдошу!".

Көчөнүн бою жол болуп,

Көз кайгыткан кол болуп,

Маргалаңдын башында

Алоокенин чарбагы

Кара-Суунун кашында,

Улуу Анжиян учунда,

Арабанты тоосунда

Алооке кандын сарайы,

Анын үчүн  зарп  болгон

Арбын дүйнө.далайы.

Соколоп* чоюн түптөгөн,

Дүнүйө малы түтпөгөн,

Кокок деген жемиш бар,

Ар бирөө киши башындай,

Телегейи тегиз бар.

Алма менен жаңгагы,

Анжир, курма бар дагы,

Мисте менен алча бар,

Биз көрбөгөн канча бар.

Жүзүмү жерде төгүлүп,

Көргөндүн көөнү бөлүнүп,

Аралап өтүп анысын,

Аңдап" көргүн арыстан эр

Алоокеге барышын.

Сейил кылып Алооке

Чыккан экен багына,

Отурган экен ал күнү

Падышалык тагына.

Чатыры сексен кубулган,

Жан жагынын баарынан

Сандыгач салган чуулган,

Сары барпы таңшыган,

Канкуулуу чымчык каңшыган,

Булбулу сайрап, таңшыган,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.