Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Арыстан Манас баатыры

Айбатын кара акыры:

Астыңкы эрди арбайып,

Үстүнкү эрди далбайып,

Ал муруту сеңирдей,

Айбаты албарс темирдей,

Мурду тоонун кырдачтай,

Муруту чөлдүн камыштай,

Көзү көлдүн буткулдай,

Каарданып караса,

Көрүнгөндү жуткандай.

Ар мүнөзүн карасан,

Ажыдаар болсо туткандай.

Көркү калча, көзү тик,

Көбүнө айтса, сөзү тик.

Жолборс жүрөк, таш билек,

Жооруну калың, жар кабак, –

Жоругуна карап бак.

Атасы Жакып болсо да,

Мойнуна койсо кылмышын

(Кара кылды как жарып,

Карагын сурак кылышын),

Кылая карап күлбөгөн,

Күлгөндүн сырын билбеген.

Күнгүрөнө сүйлөгөн,

Күчү артылган дүйнөдөн.

Жаны калбай аянып,

Жатпай чыкты үч күнү

Жалаң кылыч таянып.

Чыканак жерге салбады,

Чырм этип уйку албады.

Сырын билген чоролор

Коркуп жаны калбады:

"Тилимди билген журт болсо,

Тилим менен келсин, - деп, –

Тил билбеген журт болсо,

Тилмечи жооп берсин,- деп, –

Өзүмдү билген журт болсо,

Өзүмдү билип келсин,-деп, –

Өзүмдү билбей калганы,

Сөзүмдү билип келсин!" – деп,

Кабар салды калкына –

Калың кыргыз жалпыга.

Атасы Жакып кары бар,

Акылмандын баары бар.

Акбалта, Ошпур дагы бар.

Айдаркан уулу эр Көкчө, –

Баары келген чагы бар.

Үмөт уулу Жайсаң бар,

Өлүмдөн коркпос көп жандар:

Пилдин жүгүн кийгендер,

Бири миңге тийгендер,

Жарагын темир кийгендер,

Жалгызы санга тийгендер,

Башчысы Бакай дагы бар, –

Баатырлардын баары бар.

Күлдүрдүн уулу Чалыбай,

Күлдүргүчү Ажыбай,

Кыраандын бири Кутунай,

Сары Үйшүндүн Сатайы,

Алчындардын Атайы,

Үйшүндөрдүн Үмөтү,

Үмөт уулу Жайсаңы,

Аргын кара Кожосу,

Бообек, Шаабек, Шүкүрү,

(Болгон иште пикири),

Арбандардын Алтайы,

Астына келип жыйылды

Акылмандын далайы.

Дөрбөндөрдүн Төртайы,

(Төп сүйлөгөн сөз жайы),

Төлгөчү кара Төлөгү

(Төгүн эмес өнөрү),

Агыбай далы көрүүчү

(Ашкере айтып берүүчү),

Топтун башы Токотой,

Эл бийлеген Элеман,

Калк башчысы Калкаман –

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.