Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Ууштап алып уруптур.

Топурак колдон кеткени,

Тополоң шамал жеткени.

Калмак, манжуу кошууну,

Карчыга, шумкар куш болуп,

Айланып учуп кеткени.

Өнөр эмей неткени!

Манас кандын кошууну,

Көгүчкөн, карга, таан болуп,

Чукулдаша кеткени.

Ардалык, Ырдык туруптур,

Ууштап алып топурак

Апсун демин уруптур,

Топурак учуп созулду,

Айдарым желге кошулду,

Канаттуу болгон адамы

Кайта баштан баарысы

Адам болуп алышты.

Алигиден беш бетер

Аянышпай салышты .

Өнөрүн көргүн булардын,

Кайнатасы Кошойдун,

Артык аяр Мунардын,

Ак бараң мылтык алыптыр,

Дүрмөттөп алып мылтыгын,

Кесеңе көзүн салыптыр.

Кеселик турган дөө болуп,

Аты өлгөн, өзү жөө болуп.

Казандай кара башы деп,

Эки көздүн ортосу,

Ийилген кара кашы деп,

Аткан экен Мунаркан.

Бараңдын огу жетиптир,

Барган бойдон Кеселдин

Башын жарып кетиптир.

Туусун жыкты, кан өлдү,

Тура албады каңгайлар,

Туш-тушка качып жөнөдү.

Алты күнү, алты түн,

Уруш кылып бүпбүтүн,

Кеселикти өлтүрүп,

Кесип башын алыптыр.

Келген кошуун баарысы

Кездеше албай калыптыр.

Уруш менен кеч болуп

Көз байланган кез болуп,

Кыргыздардын тиккени

Төрт төбөлүү көк чатыр,

Бири минден качпаган

Билими артык көй баатыр,

Олтуруп орун алышты,

Оңдонушуп калышты.

Оңдонушпай канетсин,

Үч күн, үч түн басылбай,

Тынч албай уруш салышты.

Айрылбаган башы жок,

Алжайбаган кашы жок.

Сындырбаган колу жок,

Жыртылбаган тону жок,

Эшилбеген жону жок,

Тешилбеген тону жок,

Ооздо бүтүн тиши жок,

Бою бүтүн киши жок.

Кош-кошуна барышып,

Колу-буту сынганга,

Шак-шак* жонуп алышып,

Таңып жаткан андан көп.

Кызыл каны шоркурап,

Байлабаган басылбай,

Агып жаткан сандан көп.

Токтогон окту аштарлап 

Тилип жаткан дагы бар.

Кыйшык бүтүп калат деп,

Колу-буту сынганды

Козголбостон жаткын деп,

Минип жаткан дагы бар.

Токтободу каны деп,

Дарысын тапкын анын деп,

Дарысын табам акыр деп,

Эптеп ичир баатыр деп,

Ачышканы жазылып,

Аккан каны басылып,

Үшкүрүгү баш жарып,

Үшүнө келип калышып,

Эсин жыйып алышып,

Жанымдан үмүт кылам деп,

Айтып жаткан дагы бар.

Жакшы экен деп жарасы

Эч-эчтеме болбойт деп,

Кайтып жаткан дагы бар.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.