Араниктеги согуш
Кызталак аяр көп колду,
Жолборстун башын жарыптыр,
Карк боломбу канга деп,
Кабылан Манас баатыры
Өөдө көздөй салыптыр.
Өчтөшкөнү Кеселик
Өз ордуна калыптыр.
Кара канга чалпылдап,
Ат аябай чапкылап,
Арыстан Сыргак барганы,
Кеселиктей баатырдын
Төшүнө найза салганы.
Эр Сыргак найза салыптыр,
Кагып ийип найзаны,
Кеселик саадак алыптыр.
Сыргакты аткан жатканда
Эр Бакай жетип калыптыр.
Кабырганын тушу деп,
Как жүрөгү ушу деп,
Бакайдан найза жетиптир,
Бадирегиң* Кеселик
Атынан кулап кетиптир.
Жыгылды жерге далк этип,
Кызыл канга чалп этип.
Канга башы чөмүлдү,
Жолборс болгон аяры,
Бир үшкүрүп ийгенде,
Кеселик кайта көрүндү.
Айрылган аттан жөө болуп,
Апсун азыр күчүн көр,
Жалаң бою жүз кулач,
Кеселик турду дөө болуп.
Дүнүйө жүзү кан болуп,
Кан токтоду кызарып,
Карап турса Кеселик,
Бара жатыр узарып.
Көлкүлдөгөн кызыл кан,
Көп адамдар болгон таң,
Көл тизеге жеткени,
Аярлык эмей неткени.
Кошуун-колдун баарысы,
Кырга чыгып кеткени.
Алиги жолборс туруптур,
Аярды кудай уруптур.
Апсун окуп алыптыр,
Манас кандын кошууну
Айбанат болуп налыптыр.
Бири жылкы, бири төө,
Кеселик болгон бу бир дөө.
Бири уй да, бири кой,
Араниктин калаада
Абыдан болду улуу той.
Аярдын ишин билгени
Бегиш, Көйүш, эр Таскыл
Апсун окуп ийгени.
Ачуу менен акырды
Апсун окуп дем салып,
Айбан боло калганы
Калмак, каңгай көп калык,
Чүкүрүк аяр үшкүрүп,
Үйдөй болгон туманы
(Үрмөтүн көргүн дуванын!)
Манастын калың колуна
Туман жылып жетиптир.
Айбанат болгон кыргыздар
Азуулуу боло кетиптир.
Бөрү болду, чөө болду,
Кытай, каңгай кошууну
Уй да болду,төө болду;
Кыргыз, казак кошууну
Болду жолборс кабылан,
Калмактардын кошууну
Жылкы болду, кой болду,
Азуулууга той болду
Жылкыны жолборс алыптыр,
Чын балаага калыптыр.
Койго бөрү кириптир,
Бөлүп-бөлүп ийиптир.
Төөгө кирди кабылан,
Бири жүзгө камынган,
Байкап көрсөң бул элге,
Балаанын чоңу табылган.
Ал ишти көрүп алыптыр,
Топук аяр заңгиси*,
Токтолбостон туруптур,
Топуракка дем салып,