Манас баатырдын Кошой доого келиши
Арбагы бийик жан ошол.
Жети өзөндөй кайран жер
Эби менен жер кылып,
Азган-тозгон кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылып,
Теликуш* таптап куш кылып,
Тентиген жыйнап журт кылып,
Коргонду таштан салды, дейт,
Азган-тозгон кыргызга
Абам Кошой карыя
Башчы болуп калды, дейт.
Алагар көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Пендеден артык шер ошол.
Балам, Манас, угуп ал,
Акбалта айткан кеп ошол.
"Биз айдалып кеткенде,
Бул Алтайга жеткенде,
Кыйла жыл баштан өткөндө,
Келгендерден кеп уктум,
Эр Үрбү аман деп уктум.
Үрбүнүн жайын айтайын:
Эки Кемин жайлаган,
Эгиз кара ат байлаган,
Күрүчүн күздүк айдаган;
Күлүгүнө күрүчтүн :
Күрмөгүн берип байлаган,
Кара тилин кайраган,
Кан алдында сайраган;
Кара токой мал эткен,
Кара үңкүрдү үй эткен;
Жалгыз жүрүп көбөйгөн,
Жарды жүрүп байыган
Атасы Таздын эр Үрбү;
А дагы кыргыздан чыгып эр болуп,
Кызматын билип эл конуп,
Конуш тапкан кези, дейт.
Кайрат кылып бел байлап,
Калкын баккан кези, дейт.
Сапарың болсун оңунан,
Жоо чыкпасын жолуңан.
Ала-Тоо жолун чалып кел,
Туугандан кабар алып кел,
Кыйкырып чыгар мыктуусун,
Кылыч чабар ыктуусун
Көзүн менең көрүп кел,
Көңүлүң менен билип кел.
Үйүр сагынбас ат болбойт,
Эл сагынбас эр болбойт".
Акбалтадан кеп угуп,
Кайраты келип чамынып,
Арыстан Манас аттанды,
Эми кыргызды көздөй камынып.
Эрчиткени кырк бала,
Бөөт-чөөт көл басып,
Адыр-будур бел ашып,
Бөтөнчө кара төр ашып,
Бөлөк тоону жакалап,
Көк жалың Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Эрикпей эчен күн жүрүп,
Сонун эл, сонун жер көрдү,
Аркайган Ала-Тоо көрдү,
Аркырап аккан суу көрдү.
Булутка тийип баштары,
Бозоруп турат аскары.
Көккө тийип баштары,
Көгөрүп турат аскары.
Тоолору туташ, кары бар,
Токоюнда чары бар,
Жан жаралган ар түрдүү,
Жаныбарлар баары бар.
Коңулунда коён бар,
Копшутунда жылаан бар,
Тектиринде теке бар,
Будурунда бугу бар,
Адырында аркар бар,
Түзөңүндө түлкү бар,
Талаасында кулан бар,
Булбулу буруп сайраса,
Муңдуу киши уккусуз;
Буркурап ыйлап эчен жан,