Манас баатырдын Кошой доого келиши
Бул жайыңдан чыккысыз.
Тоосунан күкүк сүйлөнүп,
Талынан тоту күүлөнүп,
Кайыңга тууп куштары,
Камынган экен учканы;
Терекке тууп куштары,
Теминген экен учканы.
Жер соорусу турбайбы,
Муну жердеген адам тунбайбы!?
Талынын башы ийилип,
Тамашасы ушундай,
Кумунун үстү чийилип,
Чырпыктары чынардай,
Чымчыктары улардай.
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген пенде тунбайбы!?
Көргөнгө көзү кубанып,
Тоңурайган тоону өтүп,
Толгон чуңкур коону өтүп,
Ашуу ашып,таш басып,
Арыстан Манас жол тартып,
Бел мойноктун белине,
Бет алып чыкты көк жалың
Үч-Каркыра жерине.
Жергелеше чыгыптыр
Жылтырканы, шыбагы;
Белден болуп чириптир
Бетегеси - тулаңы.
Жалбырагы жаргактай,
Жаткан экен Каркыра,
Кара курту бармактай,
Балтырканы билектей,
Маралы үркүп чү койсо,
Мала кашка инектей.
Жер байкаган сыягы,
Үч-Каркыра басты, дейт.
Кызыл-Кыя кымбат жол,
Кылт этип ашып түштү, дейт.
Ошондо баатыр оолугуп,
Ысык-Көлгө жолугуп:
"Береке экен, бел экен,
Пенде көрчү жер экен.
Ортосу көпкөк көл экен.
Суусунда миңдей түр экен.
Жердеген адам бай болор"
Түгөнбөс ырыс - кен экен".
Боз мойнокчо дөбөгө
Түшүп Манас жер чукуйт,
Эки эли жерин оодарса,
Кебелбес алтын бар экен.
"Жаныбарым Ысык-Көл,
Жер соорусу турбайбы,-
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос.
Будур-будур бел экен,
Будурмак артуу жер экен.
Будурмак келип бурулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Будурдан бугу куюлса,
Жаткан экен, жаныбар,
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңдей булак чубуруп.
Өйүз-бүйүз жери тар,
Ортосунда жайнаган көпкөк
көлү бар,
Жерине сан кол баталбай,
Найзанын башы чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Алек болчу жер экен.
Кармашарым Каканчын*,
Калмак, кытай,- зор экен.
Туш-тушунан кол салса,
Өзөндүн баары жол экен".
Ушуну ойлоп эр Манас
Ысык-Көл ылдый жол жүрүп
Ат аябай мол жүрүп,
Көз кайкыган жер таппай,
Көлөкө кылып алууга
Көк жалың Манас эл таппай,
Кадыр билчү шер таппай,
Жердин үстүн кыдырып,
Булак койбой сыдырып,
Жалгыз аяк жол менен
Жүрө турсун баатырың
Калың токой чер менен.
"Акбалта айткан кеп эле,