Яндекс.Метрика

Манас баатырдын Кошой доого келиши

Берен Манас көк жалын,

Ач болотун шайланып.

Жабдык жасап байланды,

Жанындагы кырк бала

Кадимкидей таптанды,

Баатырга жөкөр болууга

Баары бирдей чактанды.

Эр Манас кийген көк күрмө

Табылгы жаксаң чок өтпөйт,

Очогор атсаң, ок өтпөйт,

Жакадан тартсаң, кол өтпөйт.

Жакасы алтын, жеңи жез,

Кош бадана* торгой көз,

Келеме жака*, кең күрмө

Керишке кийсе ылайык,

Көргөндүн көзү кубанып.

Соот кийип чыңданып,

Кара боюн тыңданып,

Толукшуган берениң,

Аймаңбоз минди ыргалып.

Алтайдагы кыргыздын

Акылманы Балта экен,

Жазы жаак, жалпак тил

Жаңылбаган чоң чечен.

Бала каздай баркылдап,

Ак сакалы жаркылдап,

Абаң Балта кеп баштайт,

Акырын сүйлөп, бек таштайт:

"Журт башчысы өлгөндө,

Кызык кылып биздерди

Кытай, калмак бөлгөндө,

Бирөөбүз кеттик Эренге,

Бирөөбүз түшүп кеттик тереңге.

Бирөөбүз кеттик Каңгайга,

Бирөөбүз келип тыгылдык,

Мына бул кара калмак Алтайга.

Уламадан уласак,

Билгичтерден сурасак,

Ала-Тоону жер кылып,

Жүргөн кыргыз бар, дешет,

Алоокени алышып,

Сүргөн кыргыз бар, дешет.

Бул Алтайда жериң жок,

Бет алышып салышсак,

Белге таңуу кылууга

Белгилүү кыргыз элиң жок!

Кара тааңдай кол келсе,

Калайман баштап, мол келсе,

Кандай айла кылабыз?

Катылдык калмак, манжууга,

Алтайга кантип турабыз?".

Кашкардын жолун айланып,

Баягы келген Бай абаң

Арманын айтты мынчалык,

Арылбай башы санаадан.

Куруган жандан шай кетти,

"Балдарым, эми ойлон" - деп,

Бай абаң айтты бул кепти:

"Кыргызга көчүп кирели,

Ала-Тоо бойлоп баралык,

Баш аман, жаның эсенде

Журттун жайын табалык,

Кайыңдан найза кыялык,

Азган-тозгон кыргызды

Неме койбой жыялык,

Минтип медер кылалы!

"Катагандын кан Кошой

Белгилүү болгон эр ошол,

Белге таңуу шер ошол.

Кененче керчөө тон кийген,

Кер кабылан ат минген,

Азар түмөн кол чыкса,

Айгай салып бир тийген,

Байланып калган базардын

Багын ачкан эр Кошой,

Туруп калган Турпандын

Тушун ачкан эр Кошой.

Чокморунан чок чыккан,

Чок жарылып от чыккан,

Кармаганда кан чыккан,

Тиктегенде жан чыккан

Тоодой болгон күрсү алган,

Тоону Кошой бир салган.

Тоону Кошой бир салса,

Тоону кылган таш-талкан,

Абаң Кошой эр ошол,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.