Манаска тизгин берилиши
Беттешкен жоого белдүңөр,
Айтарга сөзү эмдүңөр,
Өткүр чечен тилдүңөр,
Өкмөт жөнүн билчүңөр!".
Улуу-кичүү баарысы,
Ушуну айтып салышты.
"Кан боломун калкка, - деп,
Кандай болсо чыдаймын,
Калк башкарган наркка" - деп,
Айтар адам жок болуп,
Акылдашып токтолуп,
Калың журт карап калганы.
Бая аң уулаган сексен төрт
Калкка көзүн салганы.
"Камалышың кандай?" - деп,
Бай аба элден сурап калганы.
Боз балдар анда кеп айтат,
Болгон ишти эми айтат:
"Аң ууладык баарыбыз,
Арада жок силердей,
Ак сакалдуу карыбыз.
Көпчүлүк сени билбейбиз,
Биздин көтөрүлгөн каныбыз!".
Айнакул бала кеп айтат:
"Ай, калайык, - деп айтат,
Чеге Минген Ак башты
Ай талаада сойгонбуз,
Манас деген баланы
Кан көтөрүп койгонбуз.
Биз кан көтөрдүк теги,- деп,
Биз көтөргөн каныбыз,
Аяк менен башыңа,
Карың менен жашыңа,
Келер бекен эби? - деп,
Саламаттын Айнакул
Сан журтка айткан сөзү бул.
Кары, жашы күңгүрөп,
"Каныбыз Манас болсун" - деп,
Калктын баары дүңгүрөп,
Жапырт айта салганы,
Көпчүлүк топук кылганы.
"Карап турган калайык,
Көрүп турат көзүңөр.
Кан кылбайбыз дегениң,
Азыр чыксын сөзүңөр.
Айлыңдан арман калбасын,
Атап коюп кандыкка,
Артынан калбаа салбасын.
Ата уулудан барсыңар,
"Аны кылбайт элек" - деп,
Арманың ичте болбосун!".
Акбалта айтып мындай кеп,
Айгайды журтка салганы.
Арыстан Манас жаш бала
Жыйынга басып барганы:
"Менин астымда болгон ага жок,
Ажал келсе, дабаа жок.
Артымда иним жаш жатыр,
Акылга дыйкан көй* баатыр,
Айтууга менде сөз жатыр.
Сууруп алар азаптан,
Сүрү катуу тууган жок,
Карып калган Жакыпта
Кайрат кылар шайман жок.
Казак, кыргыз бир тууган,
Кан болуучу жан болсо,
Бирөө чыксын бел бууган!
"Талаада атым сойдум, - деп,
Кан көтөрүп койдум" - деп,
Өз напсиме тартпаймын,
Тоодой токон аалатты
Өз мойнума артпаймын.
Келип турган көпчүлүк,
Калмагың бар, мангул бар,
Казагың, бар, кыргыз бар,
Бел байлаган болсун, - деп,
Мени боштон койсун" - деп,
Бала Манас айтат кеп.
Калк камалып калганы:
"Ырас айткан сөзүң, - деп,
Кан болууга бул журтка
Ылайыксың өзүң"- деп,